Кафелерде акчамды төлөп коюуга ашыккандар көп… Гүлназдын баяны

Гүлназ Жүзбаева бир топ жыл айланасындагылардан көзү көрбөй турганын жашырууга тырышчу. Азыр бийкеч бул фактыдан тартынбайт, алтургай, Кыргызстандагы азиздердин турмушунан да жайдары кеп салып берди.

“Азиз кыздарга үйлөнүүдөн чочулашат. Адамдар алардан жаман келин чыгат, үй тиричилигин алып кете албайт деп ойлошот. Чоң жаңылыштык”, — дейт Гүлназ Жүзбаева.

Биздин маектеш Азиздердин кыргыз федерациясын гана жетектебестен, өзү өңдүү кыргызстандыктар үчүн атайын курстарды ачкан, анда тегерегиндегилерден көмөк албай, өз алдынча жашап кетүүгө үйрөнүшөт.

— Гүлназ, кеселиңиздин себеби кандай эле? Же тубаса азиз болуп төрөлүпсүзбү?

— Бала кезде начар көрчүмүн. Ата-энем үч жашка толгонумда көзүмдө бир мандем бар экенин байкап, доктурдан доктурга көрсөтүшөт. Көздөрүмдүн торчо кабыгынын бузулганын аныкташат. Илим ага жетише электигин айтып дарыгерлер алакан жайып кала беришет.

Основатель Кыргызской федерации незрячих Гулназ Жузбаева
© SPUTNIK / ЭРКИН САДЫКОВ
Жүзбаева: Көрүүм начар экенин айланамдагылардан жашырчумун, мага аянычтуу карагандарын каалаган эмесмин

— Балдар өздөрүнөн өзгөчөлөнгөн курдаштарын кодулашканын чагылдырган тасмалар көп.

— Андай учур да болгон. Айылда кадимки мектепте окучумун. Башталгыч класстарда мени “көр” (сокур) деп шылдыңдашчу. Ошол убакта бул мага оор тийген. Адегенде жооп бербей, үндөбөй отура берчүмүн. Кийинчерээк жоош болуп тура берсем, баары тебелеп-тепсеп кетерин түшүндүм.

Көрүүм начар экенин айланамдагылардан жашырчумун, мага аянычтуу карагандарын каалаган эмесмин. Классташтарыма байкатпаш үчүн окуу китептеринин ар бир бөлүгүн жаттап алаар элем. Агезде китепти бетиме жакын кармап, жарык бергич менен гана окуй алчумун. Көзүм ого бетер бузулду. Университетке тапшырарга аз калганда дээрлик көрбөй калдым.

— Окууга өтүүдө кыйынчылык тарткан жоксузбу?

— Мектепти аяктаган жылы тапшыра албадым, себеби, айылыбызда жогорку окуу жай болгон эмес. Ал эми ата-энем шаарга окууга кетейин дегенимди уккусу да келген жок. Ошол маалда көзүм көрбөй туруп, өз алдымча жашап кете аларыма өзүм деле ынанган эмесмин.

Бирок сентябрь келди, бардык классташтарым кетти, жалгыз мен калдым айылда. Мектепти дээрлик бешке аяктаган мен окуй албай, ал эми орто окугандар да университетке өтүп кетишти.

Ошондо ата-энеме кескин окууга баары бир тапшыра турганымды айттым. Айланамдагылардын баары экзамен тапшыра албасымды кайталашты. Мен болсо окууга өтүп кеттим! Караколдо билим алып, ал жактан чет тилдерди үйрөнө баштадым.

Основатель Кыргызской федерации незрячих Гулназ Жузбаева во время мероприятия
© ФОТО / ИЗ ЛИЧНОГО АРХИВА ГУЛНАЗ ЖУЗБАЕВОЙ
Жүзбаева: үчүнчү курста жеңилип бердим. Таптакыр эле көрбөй калганымды айтып, университетти таштай турганымды окутуучуларга билдирдим.

— Бейтааныш калаада жашоого көнүү татаал болгон жокпу?

— Атам колунда эмне болсо, баарын сатты, карызга батты, бирок мага университеттен үч мүнөт гана ыраак батир алып берди. Башында аябай санааркап жүрдү, бардык жерде мени коштоп жүрүүгө туура келет деп ойлогон. Мени ар күнү университетке чейин узатып, кайра сабактан кийин тосуп алчу.

Бир жолу сабактан эрте кое беришти. Ошол күнү үйгө биринчи ирет өзүм кайттым. Атамдын жүзүн көрө алган жокмун деңизчи ошондо, бирок ыйлаганын уктум. Өз алдымча жүрө аларымды түшүндү. Күндүзгү жарыкта элес-булас көрө алчумун, ал эми имарат ичинде бул жагынан кыйын эле.

— Окуу жагы кандай болду? Көп китеп окууга туура келет эмеспи…

— Мага курбуларым көмөктөшөр эле. Күчүмдүн жетишинче башкалардан өз дартымды жашырчумун, ал эми түнү бою өзүмдү аябай баарын жаттап чыкчумун. Көзүмдүн нуру ого бетер соолуй берди.

Үчүнчү курста жеңилип бердим. Таптакыр эле көрбөй калганымды айтып, университетти таштай турганымды окутуучуларга билдирдим. Алар андай оюмдан кайтууга көндүрүштү. Азыр ал эже-агайларга аябай ыраазымын.

Основатель Кыргызской федерации незрячих Гулназ Жузбаева
© SPUTNIK / ЭРКИН САДЫКОВ
Жүзбаева: бир жолу сабактан эрте кое беришти. Ошол күнү үйгө биринчи ирет өзүм кайттым. Атамдын жүзүн көрө алган жокмун деңизчи ошондо, бирок ыйлаганын уктум.

— Кантип ишке орноштуңуз?

— Бала чактан берки курбум менен бирге Бостери айылында мугалим болуп иштей баштадык, мен англис тили, ал математика сабагынан берчү. Экөөбүз ээрчишип эле жүрчүбүз, ал дайым мени жөлөп-таяп турчу… Кийин ошол курбум өз өмүрүн кыйды, эмнеге андай кадамга барганын азыр да аңдай албайм…

Адаттагыдай эле өз оорумду жашырып жүрдүм. Окуучуларым көрө албасымды билишчү эмес. Дайым жакшы окуган окуучулардын биринен тактага сабактын аталышын жазуусун өтүнчүмүн. Курбум алардын дептерлерин текшерүүгө көмөктөшөр эле.

Өзүмдү ошол калыбымда кабылдоону кийинчерээк, Бишкекке көчүп келгенимде үйрөндүм. Караколдук бир таанышыма кезигип калдым. Ал: “Карачы, жылдыз учту” – деп калбаспы. Көрбөй турганымды айттым. Ал: “Көрүүң ушунча бузулганбы!?” – деп таңгалды. Жылдыздарды эч качан көрбөгөнүмдү акырын ага түшүндүрдүм.

— Борборго көчүү чечимин кандайча кабыл алдыңыз?

— Эң жакын курбумду жоготкондон кийин аябай чөгүп кеттим. Ата-энем мени алаксытуунун жолун издеп Бишкекте көзү азиздер үчүн уюштурулган укалоочулар курсуна катышууну сунуштады.Борбор калаага көчүп келип, жатаканага жайгаштым. Ага дейре дайым көзү көргөн эле адамдар менен жашап келгем, ал эми мында мен жалаң азиздердин арасына түштүм. Көрсө, алар коомдон оолак жашоого көнүп алышыптыр. Маселен, жатакананын башка жашоочулары менен эч качан сүйлөшүшпөптүр. Адамдар өзүнөн өзү ортолоруна бөгөт коюп алышканы кызыктай туюлду мага.

Дагы бир көйгөй чыкты, бөлмөдө төрт кыз турчубуз. Ким жыйнайт, ким тамак жасары боюнча кезек түзүп алуу керек эле. Кыздар жадагалса идиш жууганды да билишпейт экен!

— Баары бир укалоочу болгон жоксуз да, ээ?

— Жок. Жарым жыл иштеп көрүп, ал иш мага бөтөн экенин түшүндүм. Башка бирөөнүн денесине кол тийгизүү мага аябай кыйын болду. Ага кошумча англис тили боюнча курс издей баштагам. “Кантип окуп, кантип жазасыз сиз? Кечиресиз, биздин андай тажрыйбабыз жок” деп, тилекке каршы, эч бири мени кабыл албай койду.

Азыр дагы коом акырындап өзгөрүп, адамдар, айрыкча, жаштар ачык болуп калды.

Основатель Кыргызской федерации незрячих Гулназ Жузбаева во время выступления
© PHOTO : VIKTORIA SMOAK
Жүзбаева: АКШга барып билим алып келүүгө жетиштим

— Азиздер үчүн Америкадан атайын курстан өтүп келгенсиз, туурабы?

— Коңшум ошондой мектеп туурасында айтып калды. Кайда, эмнеге учуп баратканымды деле так элестете албай тобокелге салып эле сапарга чыккам.

Мектеп Луизианада жайгашкан. Мени тосуп алышты, колума атайын таяк карматып, беш мүнөттө колдонуу жолун айтып беришти. “Кайда баргың келсе, жүрө бер, мында эч ким эч кимди коштоп жүрбөйт”, — деп коюшту мага.

Бир жылдай окудум. Ал жакта азиздерди өз алдынча жашоого үйрөтүп, атайын программаларды орнотуу менен компьютер жана акылдуу телефондорду колдонууга көндүрүштү. Эң башкысы, алгач ирет өзүмдү эркин сездим. Таяктын жардамы менен дүйнөнүн булуң-бурчунда эч кимден көз каранды болбой жүрө алам!

— Азыр сиз өзүңүз көзү азиздерди окутасыз. Алар сиздин курста эмнелерди өздөштүрө алышат?

— Биздин тренинг алты айга созулат. Анда чоңдор Брайль шрифти менен окуу жана жазууну, компьютер менен акылдуу телефондорду пайдалануу, коштоочусуз эле калаа ичинде жүрүүнү үйрөнүшөт.

Ошондой эле биз үй тиричилиги — тамак жасоо, кир жуумай, үй жыйноо боюнча да айтып беребиз. Мындан тышкары, орус жана англис тилдерин үйрөтөбүз. Бардык каалоочулар жазыла алышат (Мектептин кызматкерлери менен 0773656617 жана 0707377373 номерлери аркылуу байланышууга болот).Мунун баары акысыз, ошондой эле биз Бишкекте студенттерге жатакана да беребиз. Тамак-ашты гана өздөрү сатып алууга туура келет. Азиздер бирөөнүн багуусуна көнбөшү керек деп эсептейм. Тилекке каршы, майыптыгы бар айрым адамдар баары аларга бекер берүүгө тийиш деген жаңылыш ойдо жүрүшөт.

Азиздер өздөрүн өздөрү бага алат. Алар мугалим, музыкант, укалоочу гана болуп иштей алат деп ойлошот, бирок андай эмес! Окуучуларыбыздын арасында кафе, алтургай, кондитердик жайларда иштегендер да бар.

Балким менталитеттен улам ушул көйгөй бардыр. Көзү көрбөгөн баланын ата-энеси: “Эмне биз өзүбүз бага албай калмак белек?” – деп ойлошот. Тыш дүйнөдөн калкалоого тырышышат, андай балдар атайын мектептер бар экенин билишпейт! Жылдар өткөндөн кийин ата-энелер жаңылганын аңдашат, бирок убакыт өтүп кетти да. 35 жашка чыкканда гана өз ысымын жазууну үйрөнгөн адамдарды билем.

Основатель Кыргызской федерации незрячих Гулназ Жузбаева
© SPUTNIK / ЭРКИН САДЫКОВ
Жүзбаева: жолдон өтүү үчүн бүт көңүлүңдү топтойсуң, машиналардын добушуна, адамдардын кыймыл-аракетине кулак саласың, жел кайдан сокконун байкоого тырышасың…

— Тегеректеги эл азиздерди кандай кабыл алышат?

— Алар адамды байкабастан, дароо биздин таякчабызды көрүшөт. Алардын алгачкы аракети эле — тезирээк жардамдаша коюу! Колуңдан жетелей: “Жүрүңүз, кайда барарыңызды билем”, — дешет. Чын-чынына келгенде андай мамиле мага көбүнесе тоскоол этет, анткени, сен жолдон өтүү үчүн бүт көңүлүңдү топтойсуң, машиналардын добушуна, адамдардын кыймыл-аракетине кулак саласың, жел кайдан сокконун байкоого тырышасың… Бирөөгө көмөктөшүүдөн оболу сураңыз, балким, ага жардамыңыздын зарылдыгы жоктур.

Ошондой эле акча бергенге ашыга беришет. Кафе же ресторанга түштөнүү үчүн кирип калып, эсепти сурасаң, кимдир бирөө сенин ордуңа төлөп койгон болот.

Дүкөндөн нан сатып алгың келип, 200 сом сунуп, ашкан акчаңды күтөсүң. Сатуучу нан салынган баштык менен бирге сен берген акчаны эле карматат! Амалдана нанды бекер берет имиш.”Мен өзүм акча таап, өзүмө тамак сатып ала алам. Акчаңызды алыңыз”, — дейм андайда. Сатуучу эмне кылат дебейсизби?! 200 сомду майдалап туруп берүүгө аракет кылат! Андай кылыгын да дароо сезип койсоң, сатуучу: “Кантип билип койдуңуз?” – деп таңданат. Кайсы купюра кандай экенин, ар башка формада, бири чоңураак, башкасы кичине болорун кармап билесиң да.

Ошентсе да бир нерсени белгилей кетейин: эч качан бири мени алдап, тийиштүү өлчөмдөн аз акча карматкан учурга туш боло элекмин. Бир дагы жолу андай болгон эмес.

— Азиздердин шаар ичинде жүрүүсү ыңгайлуу болушу үчүн бийлик эмне кылууга тийиш деп ойлойсуз?

— Маселени мындай өңүттө койгум келбейт, себеби, Бишкек бизге ыңгайлашууга мажбур эмес. Биз өзүбүз калаага ыңгайлашууга тийишпиз. Бизге өзгөчө шарттын кереги деле жок, болгону киши басчу жолдор түз, чуңкурлар жабык болгону оң. Бирок бул биздин эле тургай, шаардын бардык тургундарынын каалоосу деп билем.

Коомдук транспортто аялдамалар улам жарыялана баштаганы кубандырат, ал эми маршрутканы токтотуу алигүнчө бизге көйгөй бойдон калууда. Дайым элден көмөк суроого аргасыз болобуз. Адам кулакчын тагып алганда жаман баарынан, ага үнүңдү жеткиргенче маршруткаң он жолу өтүп кетет.

Төрт жыл мурда мэрияга кайрылып, аялдамаларда жакындап келе жаткан автобустун номери жарыяланып турушун өтүнгөн элек. Андай кызмат кымбат экендигин айтышкан. Бирок биз дагы, Бишкектин карыялары да андайга абдан ыраазы болушмак.

Основатель Кыргызской федерации незрячих Гулназ Жузбаева и экс-президент КР Алмазбек Атамбаев
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Гүлназ Жүзбаева

— Азиздердин үй-бүлө күтүшү татаалбы?

— Бул адамдын өзүнө жараша, себеби, алты саны аман кишилердин арасында деле өз түгөйүн таба албай жүргөндөр толтура го. Биз өзүбүз эле туугандары түшүнөбү, кабыл албай коюшсачы деп бөгөт коюп алабыз.

Азиз эркектердин үйлөнүп-жайланышы жеңил деп эсептелет. Аялдарга менталиттен улам татаал, себеби, баары келин келсе үйдөгү иштерди бүт колго алат деп күтүшөт. Көпчүлүк эл: “Көзү көрбөсө, кантип үй жыйнайт, кантип тамак жасайт? Кандай аял чыгат?” – деп ойлошот. Сопсонун эле жар болушат! Биздин кыздар үй иштеринин баарын жасай алышат. Дегеле, алардын колунан баары келет.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*