Бишкекте сурдо котормочулардын базасы жаңыртылууда

Бишкек шаарында  азыркы учура юридикалык жааттагы сурдо котормочулардын курсу өтүп жатат. Бул окуу курсун уюштуруунун негизги максаты, 2016-жылы түзүлгөн сурдо котормочулардын базасын жаңыртуу болуп саналат.

Сурдо котормочулардын базасына киргендер сот отурумдарда, нотариуста, тергөө учурларында жана башка ушул сыяктуу укук коргоо иштерине байланышкан учурда котормочу катары чакырылат.

Жаңыртылган база Юстиция министрлигинин сайтына жана башка интернет сайттарга жайгаштырылат.

Сурдо котормочулардын базасы  БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосуна түзүлгөн жана бүгүнкү күндө жаңыртылууда.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*