Аутист балдардын ата-энелери КРге адистерди чакыруу үчүн каражат издеп жатат

© Sputnik / Мария Алексеева

Кайрымдуулук акциясынан топтолгон каражат чет элдик адистерди чакырууга сарпталат.

Аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелери Кыргызстанга чет өлкөлүк адистерди чакырууну пландап жатат. Бул тууралуу “Аутизм Победим KG ” коомдук фондунан кабарлашты.

2-апрель — аутизм көйгөйү тууралуу маалымат жайылтуу дүйнөлүк күнүнө карата фонд демилгелүү ата-энелер менен биргеликте бир катар кайрымдуулук иш-чараларын өткөрөт.Программага ылайык, атамекендик шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусунда 2-апрель күнү саат 18.30да (билетти фонддон алууга болот) “Асанбай” арт-борборунда концерттик программа өтөт. Ал эми 13-апрелде Футбол федерациясынын колдоосу менен спорттук иш-чара уюштурулат.

Фонддун негиздөөчүсү Анара Даниярова кыргызстандыктардын бардыгы аутизм эмне экени боюнча маалымдар болсо деген пикирде.

“Ал эми аутизм менен жабыркаган баласына кантип жардам берерин билбеген ата-энелер корунуп, уялып, жашынбастан жардам алса. Концерттен түшкөн акчага чет элдик адистерди чакырууну пландап жатабыз.Алар бизге кеңеш берип, балдарга жардам берсе жакшы болмок”, — деди Даниярова.

Мындан сырткары, аутист балдардын катышуусу менен үй-бүлөлүк спорттук эстафета уюштурулат.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*