Эл аралык Ала-Тоо Университетинин студенттери үчүн укуктук маданиятты жогорулатуу темасында атайын дарс окулду

Укуктук нигилизмди жою үчүн кандай чаралар көрүлүшу керек:

– жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу;

– мамлекеттин укуктук системасын жакшыртуу;

– укук бузуулардын жана биринчи кезекте кылмыштардын алдын алуу;

– мамлекеттин аймагында укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоо;

– сот жана укук коргоо органдарынын кадыр-баркын жогорулатуу;

– калкты массалык түрдѳ укуктук агартуу жана тарбиялоо.

 

Бул тууралуу бүгүн Эл аралык Ала-Тоо Университетинин студенттери үчүн укуктук маданиятты жогорулатуу темасында атайын дарс окулду.

Юстиция министрлигинин Укуктук пропаганда башкармалыгынын ага адиси Уланбек Асаналиев студенттерге укуктук мамлекетти калыптандыруу калктын укуктук маданиятын ѳнүктүрүү процессинен ажыратылгыс болуп эсептелээри тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ар бир адам көчөдө же башка жерде болуп жаткан укук бузууларга кайдыгер болбостон аны токтотууга колунан келген аракетин жасоо керек.

Студенттер үчүн укуктарын билүү, колдонуу жана коргоо максатында төмөнкү шилтемелер сунуш кылынды:

Укуктук ченемдердин базасы:  http://cbd.minjust.gov.kg/

Юридикалык жардам көрсөтүүчүлөрдүн картасы:  http://legalmap.gov.kg/ru/

Акысыз юридикалык жардам борборлорунун даректери:  http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/legal-advice/where-to-get

Тилектештик автобусу – http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/videos/project/3

Дарстын аягында, студенттер арасында Конституция боюнча атайын викторина жүргүзүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*