Ош: Сарыбашов мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине белек берди. Сүрөт

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерди майрамы менен куттуктап, белектерди берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. 

Шаар мэри социалдык колдоого муктаж беш үй-бүлөдөн кабар алып, энелерге үй тиличилигине керектелүүчү буюмдар: телевизор, кир жуугуч машина, муздаткыч, электр мештерин белекке берди. Ошондой эле жаш балдарга таттууларды, азык-түлүктөрд тапшырды.

Сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм! Майрам алдынан күтүүсүздөн барып, куттуктоону максат кылган элем. Дайым ден соолукта болуп, балдарыңыздарга мээрим тартуулап жүрүңүздөр. Биз сиздерди камкордукка алып, ар дайым жардам берүүгө даярбыз. Буйруса, жайында балдарыңыздарды эс алуу лагерлерине, Ысык-Көлгө эс алып келүүгө жиберебиз деп пландап жатабыз”,-деди Сарыбашов.

Калаа башчысы Амир-Темир аймактык башкармалыгында жашаган Б. Алимованын үйүн оңдоодон өткөрүүну убадалап, Дача участкасынын жашоочусу И. Арзибаеванын үйүнө таза суу жеткирүү тапшырмасын берди.

Мэрди күтпөгөн энелер калаа башчысына ыраазылык билдиришти.

Ош: Сарыбашов мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине белек берди. Сүрөт

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*