Жашоо бул бумеранг (Адвокаттын блогу)

Расул Абушинов, Мамлекет кепилденген юридикалык жардам боюнча Ысык-Көл облусунун координатору

 

 

 

 

 

Мен бул блогду жазуу менен  1998-1999 жылдардагы өзүмдүн жана ата-энемдин башынан өткөргөн укуктук-консултациялык жардамга муктаж болгонубуз тууралуу окуяны эстегим келди. Ал кезде мен болгону 6-класстын окуучусу, 13-14 жаштагы бала элем, аз-камсыз болгон үй-бүлөөлөрдөн болчубуз. Ошол кезде менин апам  укуктук-консултациялык жардамга абдан муктаж болуп жатканын  азыр жакшы түшүнөм.

Биз жашап жаткан үйүбүз талаш болуп, жарандык сот иши жүрүп жаткан эле. Бир күнү апам мени ээрчитип, колунда 2 жаштагы инимди көтөрүп алып, айылдан 40 чакырым алыс жайгашкан райондун борборуна адвокатка юридикалык кеӊеш сураганы бардык. Апам менен адвокаттын кабинетине кирдим, апам ал адвокатка үй талаш жөнүндө болгонун  айтып берип, юридикалык кеӊеш сурап  ыйлап жатты. Мен кичинекей баламын апамды аяп, аны менен кошо сыздап, көзүмдөн жаш тегеренип турду. Адвокат өзүнүн кеӊешин берип 200 сом акысын алды.

Ошол кезден баштап адвокаттарды көп маселелерди чечүүчү, өтө таасирдүү адам катары сыпаттай баштадым. Кыялымда мен элге жардам берип, ошол адвокаттарга, сотторго энелердин көз жашы төгүлбөсүн жардам бергиле деп айткан таасирдүү адам болгум келди.

Үй талаш боюнча жарандык иш 5-6 жыл созулгандыктан менин бала чагыма юридикалык жардамга муктаж болуу көп  элес калтырды. Мектепти жакшы окуп бутүрдүм, апам мени жогорку окуу жайлардын бирине тапшырганы алып барды, анткени ал окуу жайдын контракты төмөн эле. Ал окуу жайдын 1-курсун ийгиликтүү окуп бүтүрүп жайкы каникул убагында өз алдымча иштеп, акча таап 2-курсумда башка жогорку окуу жайдын юридикалык факультетине тапшырып ата эмнеме контракт төлөөгө жардам бере баштадым.

Менин кесип тандашыма дагы ушул окуялар түрткү берди. Анткени чоӊойгондо юрист болуп, элге юридикалык жардам берем, ата-энелердин көз жашы төгүлүшүнө жол бербейм деп кыялданчу элем. Ошол себептерден улам юрист кесибинин ээси болуп калдым.

Мен азыркы убакытта Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси, мамлекет кепилденген юридикалык жардам боюнча Ысык-Көл облусунун координатору болуп эмгектенүүдөмүн.

Бул жашоо бумеранг сыяктуу. Бири бирибиздин укугубузду сыйлайлы, бирөөнү кордосоң бир кезде ал адамдын ордунда болуп калышыӊ мүмкүн экенин эч качан унутпашыбыз керек жана мыйзам баарыбызга бирдей экендигин айткым келет.

Менин жашоом чындыгында бумеранг болду, эми жарандар апама окшоп мага кайрылып, иш-бөлмөмө келип юридикалык жардам,  кеп-кеӊеш сурап, кээ бирлери башынан өткөн окуяларын айтып ыйлап дагы кетишет. Мага кайрылган жарандардын маселесин абдан жакшы түшүнөм, анткени андай окуялар өз башыман  дагы өткөн. Мен аларга жардам берүү үчүн болгон билимимди жумшап, маселени тезинен чечип берүүгө аракет кылып келем.

Учурда укуктук кеңеш, жардам алуу элге жеткиликтүү болуп бартат. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилденген юридикалык жардамды координациялоо борбору акысыз юридикалык кеӊеш берүү бороборлорун ачып келүүдө.

Азыркы учурда мамлекет жарандарга бекер юридикалык жардам алууга шарт түзүп,  жаткан кезде, мамлекет жүргүзүп жаткан саясатты колдоп, четте калбашыбыз керек деп эсептейм. Ал үчүн биз өз ишибизди сүйүү менен аткарып, жасаган ишибизди жер жерлерде элге жеткизип, болжолдуу график түзүп айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жана жашоочулары менен жолугушууларды, башка иш-чараларды уюуштуруп, массалык маалымат каражаттары аркылуу малекет кепилденген юридикалык жардам тууралуу элге жеткирүү абзел.

21/02/2019

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*