Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенцияда социалдык жана укуктук моделдер сунуш кылынган (видео)

Бүгүнкү күндө Кыргызстан Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жөнүндөгү Конвенцияны ратификациялоо алдында.

Конвенциянын негизги өзгөчөлүгү, – анда социалдык жана укуктук моделдер сунуш кылынган. Бул модельде:
– майыптыгы бар адамды коомдун тең укуктуу мүчөсү катары тааныйт;
– аны башкалардан бөлбөйт, өсүп өнүгүүсүн колдойт;
– негизги басым аны дарылоого эмес, анын муктаждыктарын канааттандырууга, басмырлоону жоюуга, ошондой эле алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун жана ишке ашыруунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө багытталат.

Биздин өлкөдө болсо медициналык модель орун алып, анда майыптуулук оору, патология катары каралат. Бул мамиледе майыптыгы бар адамдар үйүндө отурушу керек же атайын майыптарга арналган окуу жайларда өзүнчө окуп жана дарыланышы керек деп эсептелет.

Медициналык модельде, адамдын майыптыгы негизги тоскоолдук катары каралат. Ал эми социалдык жана укуктук модельде ыңгайлашпаган сырткы чөйрө негизги тоскоолдук болуп эсептелет.

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*