Жээнбеков: Элдин укук коргоо органдарына болгон ишеними кайтарылат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан маалымдашты.

Анда мыйзамдардын жаңы долбоорлорун талкуулоо. Мамлекет башчысы келерки жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кире турганын эске салды. Жээнбеков жаңы киргизилген кодекстердин аткарылуусу менен сотторго жана укук коргоо органдарына болгон ишеним кайтарыларын айтты.

«Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз,”-деди президент.

Президенттин тапшырмасы менен сот-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча Эксперттик жумушчу топ 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөргөн. Аталган топтун маалыматы боюнча, иштерге коомчулуктун эскиче ой жүгүртүүсү тоскоол болууда.

-Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда  реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаӊы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат.

Ал белгилегендей, ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик органдардын жетекчилери, жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, анда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү талкууланган жана мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн иштер убагында бүтпөй калганын, өкмөт менен парламент кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл албай жатканын айтып, сынга алды.

27 Дек 2018

Жээнбеков: Элдин укук коргоо органдарына болгон ишеними кайтарылат

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*