Депутат Дастан Бекешев балдарга карата зомбулук маселеси тууралуу “Өкмөт өзү чече албайт. Буга коомдук көзөмөл болушу керек” деди

Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.

SUPER.KG порталынын “Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?” деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.

Эл өкүлү балдарга карата зордук-зомбулук көп учурда бала кароосуз калганда башталат дейт.

“Балдарга карата зордук-зомбулук көп учурда бала ата-энесиз кароосуз калганда башталат. Мындай иштерди токтотуу үчүн экономикалык кадамдарды кылуу керек. Анткени ата-эне жан багуунун айласын издеп, балдарын туугандарына таштап, чет жактарда мигрант болуп жүрөт. Мамлекет тараптан балага карата ата-эненин жоопкерчилигин оорлотуу деле жакшы жыйынтык бербейт. Ошондуктан өкмөт ички жумуш орундарын түзүшү зарыл. Ал эми ата-энеси тарабынан зордук-зомбулукка кабылган балдарды мамлекет өз камкордугуна алуусу керек болот. Ошондой эле баласына кордук көрсөткөндөрдү ата-энелик статусунан ажыратып, соттош керек. Азыркы учурда балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулук коомдогу эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Мамлекет же өкмөт өзү чече албайт. Буга жалпы коомдук көзөмөл болушу шарт”, – деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Садык Шер-Нияз, акыйкатчы Токон Мамытов, журналист Махинур Ниязова, эксперт Бурул Макенбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.

Автор: Наргиза Өмүрбек кызы

25-12-2018
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/257873/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*