Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле… Көзү азиз жубайлардын баяны (видео)

Исабек Олжобай уулу менен Назгүл Жээнбекова 4 жыл мурун баш кошуп, эки баланын ата-энеси болушкан. Жубайлардын экөөнүн тең көзү көрбөйт, ага карабай эл катары балдарын багып, бактылуу жашап жатышкан…

Бирок бүлө башчысы Исабектин омурткасында шишик пайда болуп, жүлүнүнө суу толуп кеткендиктен тезинен чет өлкөгө барып дарыланыш керек экен. Эртелетпесе буту-колум иштебей, баспай калышым мүмкүн дейт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары азиз жубайлардын жашоосу менен таанышканча, алардын коомчулукка кайрылуусун угуп келди.

Көздөрү көрбөсө да, жубайлардын үйү таптаза, баары өз ордунда экен. Биз барган учурда апасы бешикте уктап жаткан кызынын тырмагын алып отуруптур. Ал эми Исабек сырттан бизди тосуп алды.

“Тырмактарын ушинтип бешикке бөлөп туруп, уктап жатканда алам. Антпесем мындай жөн отуруп бербейт “, — деди Назгүл.

Потерявшая зрение в детстве, мать двоих детей Назгуль Жээнбекова укладывает ребенка в колыбель
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛ УСЕНБАЕВА
Биз барган учурда апасы бешикте уктап жаткан кызынын тырмагын алып отуруптур

 

Исабек менен Назгүлдүн 4 жаштагы уулу жана 1,5 жаштагы кызы бар. Эркек баласын жанындагы бакчага киргизип коюшуптур. Бүлө башчысы таяк менен баса алгандыктан уулун бакчага жеткирип, дүкөнгө барып, айтор, сырттагы жумуштарды бүт өзү жалгыз эле бүтүрөрүн айтты.

“Жубайымдын көзү 1,5 жашында көрбөй калыптыр. Ата-энесинин айтымында, сасык тумоодон өтүшүп кетип кийин көзүнө таасир эткен экен. Мен болсо 18 жашка чейин жакшы эле көрчүмүн. 19га чыкканда башымда шишик пайда болуп, андан көзүмө өтүп үч жолу операция жасаттым. Үчүнчү операциядан кийин такыр эле көрбөй калдым. Мурда баарын көрүп жүргөнгө шаарда өзүм жалгыз таяк менен жүрө алам”, — деди Исабек Олжобай уулу.Батирде жашап, майып болсо да жаш жубайлар эки баланы эч нерседен кем кылбай багышат.

Незрячие родители двух детей Исабек Олжобай уулу и Назгуль Жээнбекова
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛ УСЕНБАЕВА
Исабек менен Назгүлдүн 4 жаштагы уулу жана 1,5 жаштагы кызы бар. Эркек баласын жанындагы бакчага киргизип коюшкан.

 

“Апасынын көзү көрбөй, баласынын кийими кир болуп калыптыр дешпесин деп бат-баттан алмаштырып турам. Дос кыздарым менен жолуксам, “балдарыңды тазалап-сүртүп эле турат экенсиң” деп айтышат. Балдардан кем болбосун деп сураган оюнчугун алып берип, каалаган тамагын жасап беребиз. Экинчи кызым төрөлгөндө ата-энем, өкүл аталарыбыз “бир балаңарды биз багып берели” деп сурашкан. Бирок макул болгон жокпуз. Кыйналсак дагы өзүбүз баккан жакшы. Башка үйдө чоңоюп, кийин бизге келсе көнбөй, психологиялык жактан кыйналышы мүмкүн. Андан көрө баарын көрүп, ата-энесинин мээриминде өскөнү жакшы. Кичине болсо да экөө тең абалыбызды жакшы билет. Мисалы, улуу балабыз бакчанын же үйдүн жанына келгенде өзү токтойт. “Арык, унаа” деп айтып турат. Кичинекейибиз суу ичкиси келсе, колубуздан жетелеп столго алып барат. Үйдөн кайсыл жакта жүргөнүн билиш үчүн бутуна коңгуроо тагып коебуз”, — деди Назгүл.

Игрушки в доме семьи незрячих родителей Исабек Олжобай уулу и Назгуль Жээнбековой
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛ УСЕНБАЕВА
Батирде жашап, майып болсо да жаш жубайлар эки баланы эч нерседен кем кылбай багышат.

 

Исабек да, Назгүл да укалоочу курсун аяктаган. Бирок Назгүл балдарга карап кесиби менен иштеген эмес. Жолдошу болсо №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенчү. Учурда оорусуна байланыштуу үйдө экен.

“Башымдагы шишик менен алышып жүргөн кезде анын кесепети башка органдарга да тийиптир. Операциядан кийин жакшы болуп, жумушка чыгып кайра иштей баштагам. Башым ооруганынан дарыгерге барсам, көкүрөгүмдү рентгенге тарттырды. Көрсө, омурткада да залалдуу шишик пайда болуп, ал аз келгенсип жүлүнгө суу толуп кетиптир. Нейрохирургдар тезинен операция кылдырып дарыланбасам, баспай калаарымды айтышты. Операция Россия же Түркиядан жасалат экен. Ошого азыр каражат чогултушум керек. Бирок дарыгерлер оор жумуш кылганга, ал тургай катуураак ыйынганга болбойт дегенинен жумуштан чыгууга туура келди. Жалгыз инимдин тапканы эч нерсеге жетпей жаткандыктан, коомчулукка кайрылып көрүүнү туура көрдүк. Баспай калсам жубайыма жүк болуп, балдарым да багылбай калат го деп корком”, — деди Исабек.

Незрячие родители двух детей Исабек Олжобай уулу и Назгуль Жээнбекова
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛ УСЕНБАЕВА
Исабектин омурткасында шишик пайда болуп, жүлүнүнө суу толуп кеткендиктен үй-бүлө азыр материалдык жардамга муктаж.

 

Исабек Олжобай уулунун жалгыз таянганы — иниси. Ал деле кара жумушта иштеп, байкесине көмөктөшүп турат. Апасынын көзү өткөнүнө 5-6 жыл болуптур, атасын болсо ажырашып кеткендиктен тааныбайм деле дейт.

Таалайгүл Усенбаева

20.12.2018

https://sptnkne.ws/krXx

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*