Дүйнөнү жаңсоолордун тили менен угуу, дүйнөнү манжалардын учу менен көрүү

Көп кырдуу дүйнө өз укуктарын билүүнү талап кылат

«Бизди мектепте Брайлдын шрифти менен окутушкан, ошондуктан биз маалыматты так ушул форматта кабыл алууга көнгөнбүз. Брайлдын шрифти менен китептерди окуу – бул дени сак адам үчүн китеп окугандай эле нерсе, болгону бул китептин форматы башка. Ал китептин аудиоверсиясын колдонсо деле болот, бирок окуу менен адам материалды жакшы өздөштүрөт, сабаттуулук деңгээлин өстүрөт, кеп маданиятын өөрчүтөт.  Брайлдын шрифти менен мындай ченемдик укуктук актыларды чыгаруу азыр абдан актуалдуу. Эгер адам өз укуктарын жакшы билсе, жана аларды колдоно алса,   анда проблемалар ошончо азыраак жана  биздин ар тараптуу, көп кырдуу, кызыктуу дүйнөбүздө жашоо оңоюраак,” – дейт    Акпар Мендибаиров,  Кыргыз- Россия Славян Университетинин Юридикалык факультетинин окутуучусу.   «Мен жогорку окуу жайында окуп жатканымда, менде мыйзамдарды Брайлдын шрифти менен окууга мүмкүнчүлүгүм жок болгон, мен Screen reader программасынын жардамы менен электрондук версияларын окугам. Бирок программа текстти дайыма эле туура угузбайт жана анын маанисин түшүнүү үчүн улам артка кайтууга туура келет.»

Үстүбүздөгү жылы көрүүсү бузулган адамдарга укуктук маалыматка болгон жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында, жазык, жазык –  процесстик, жарандык-процесстик кодекстердин, жоруктан жана бузуулар туурасындагы кодекстин, ошондой эле “Ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын, “Мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам жөнүндө”, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамдарынын тексттерин Брайлдын шрифти менен рельефтик-чекиттүү китептер басылып чыгарылган.

 

«Биз дээрлик бардык китептерди окуйбыз»

«Биз, көзү азиздер, Брайлдын шрифти менен чыккан дээрлик бардык китептерди окуйбуз, анткени аларды абдан аз басып чыгарышат. Ошондой эле мага  Брайлдын шрифти менен мамлекеттик укуктун теориясын, эл аралык конвенцияларды  окуу абдан кызыктуу болмок” , – дейт   Акпар Мендибаиров.

Брайл мыйзамдары жана кодекстери Көзү азиздердин республикалык китепканасына, К.Баялинов атындагы республикалык балдар-өспүрүмдөр китепканасына жана ошондой эле АУЦА студенттик китепканасына көзү көрбөгөн адамдардын колдонуучуга берилген.

Көрүүсү боюнча 1-топтун майыбы Назира  Илимказиеванын сөзү боюнча, мындай басылмаларды көбүрөөк чыгарыш керек: «Көп учурда китептер бирден гана нускада болот, ал да бирөөнүн колунда болгон учурлар көп болот. Майыптыгы бар  өз алдынча өнүгүүгө,  окууга, өзгөчө укуктук тематика боюнча окуп билим алууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.  Биздин заманда адамга көп учурда юридикалык жардам керек болот. Мага бул жагынан абдан оңдой берди болгон, анткени атам дайыма жардам берип турат. Эгер мен арыз жазышым керек болсо, атам мени мазмуну менен тааныштырат, анан мен колумду коем. Бирок, баарында эле мындай жардамчылары жок да».

 

Расмий маалыматтар боюнча, Көзү азиз жана кулагы укпаган кыргыз коомчулугунун расмий маалыматтары боюнча, биздин өлкөдө көрүүсү боюнча 5 миңден ашык майыптыгы бар адамдар жана угуусу боюнча майыптыгы менен 4 миңден ашык жаран катталган.

 

 Кыргызстанда биринчи жолу сурдо котормо менен видеоматериалдар түзүлгөн

Брайл шрифтиндеги китептер менен бирге. Биринчи жолу Кыргызстанда куагы укпаган  жана начар көргөн адамдар үчүн “Укук алиппеси” деген аталыштагы билим берүүчү видеоматериалдар түзүлгөн.  Видеороликтер циклинде жаңсоо тилиндеги түшүндүрмөлөрү менен Конституция, мамлекет, сот системасы, эл аралык актылар, никеге туруу боюнча, жөлөкпулдарды алуу боюнча, пенсия, алимент, мурас, ишкердик ишмердүүлүк боюнча маселелер ачылат. Видео материалдар Интернетке жайгаштырылган жана кулагы укпаган жана начар уккан адамдар үчүн колдонулган ар кайсы топтор үчүн таратылган.

Укук таануу мүнөзүндөгү бул билим берүү материалдары “Бирдей мүмкүнчүлүкүтөр” социалдык борбору тарабынан, БУУӨПтүн жана Финляндиянын ТИМ инин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу алдында даярдалган.

Мага Конституция туурасында айтып берген видео  өзгөчө кызыктуу болду. Бизге сурдо котормосу бар болсо, бардык  эле жергиликтүү материалдар кызык”,- дейт    угуусу боюнча майып  Талгат Кашкаралиев.

 

Жогорку билим кыял бойдон калат

Чынара Абдраимова, угуусу боюнча майып, фильмдерди көрүүдөгү өзүнүн таасирлери менен бөлүштү: « Кыргызстанда сурдо котормо менен материалдарды жасабай калгандарына көп болду, же фильмдер, же жаңылыктар жок. мен бул билим берүүчү видео материалдарды зор канааттануу менен көрдүм. Анткени бул видео сурдо котормо, субтитрлер жана кадр артындагы үн  менен тартылгандыктан, абдан ыңгайлуу болду.  Менин оюмча, ар бир адам өз укуктарын билиши керек жана аны колдоно алышы керек”. Чынара  кулагы укпаган балдар үчүн мектепти аяктаган.   Мектептен кийин тикмечи багытындагы лицейге тапшырган, бирок өзүнүн майыптыгынан улам жумуш табуу абдан кыйын болгон. Мектеп жылдарында ал жогорку билим алууну абдан көксөп жүргөн эле.  Жашоонун тоскоолдуктарына жана кыйынчылыктарына карабай, ал өзүн турмушта көргөзө алды. Азыркы учурда Чынара үч баланы тарбиялап жатат.

Талгат Кашгаралиевдин сөзү боюнча, биздин өлкөдө угуусу начар адамдар негизинен жогорку билим ала албай калышат, анткени алар болгону 9-классты аякташат, жана көп учурда тейлөө  тармагында жана кызмат көргөзүү жаатында квалификациялык эмес эмгекте алектенип калышат.

Азыркы учурда Кыргызстанда угуусу боюнча майыптар орус жаңсоо тилинде  окушат жана атайын адистештирилген мектептерде орто билимге ээ болуп чыгышат. Бирок, Кыргызстанда жогорку билимди кулагы укпаган адам бир да окуу жайынан ала албайт, анткени сурдо котормо жок. Бүгүнкү күнү өлкөдө бир нече квалификациялуу сурдо котормочулар гана иштейт.

 

Сурдо котормочунун статусу аныкталды

«Сурдо котормочу   бул угуусу бузулган адамдар менен коомчулуктун ортосундагы көпүрө. Мен бул фильмди тартууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума кубанычтамын. Мага өз кесибим жагат. Бирок, тилекке каршы, сурдо котормочуларга өтө аз төлөшөт.    Мамлекет сурдо котормо үчүн каражат бөлүп бербейт, ал эми угуусу начар адамдар бардыгын өз чөнтөгүнөн жалдоого туура келет. Баарында эле мындай кызматтарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Натыйжада, алар котормочусу жок калат же таптакыр үйдөн чыкпай коюуга туура келет”, – дейт аз сандагы квалификациялуу сурдо котормочулардын бири    Жумакадыр кызы Нурзия.

Майыптыгы бар жактардын укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуу максатында 2017-жылы июнда  материалдары  БУУӨПтүн жана Финляндиянын ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы   сот адилеттигине   болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү”  долбоорунун колдоосу алдында   Кыргыз  Республикасынын  “Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынды.  Мыйзам 2018-жылдын башында күчүнө кирди жана актуалдуу болуп саналат, анткени майыптыгы бар жактардын коомго интеграциясына, алардын элементардык укуктарын камсыз кылууга багытталган, алар өз алдынча документтерге кол коюуга же билим берүү, саламаттыкты сактоо, ошондой эле башка коммуникация кызматтарын пайдаланууга  мүмкүнчүлүк берет.

Бул мыйзамдын демилгечиси Кыргыз Республикасынын Парламентинин депутаты Дастан Бекешовдун сөзү боюнча,  Мыйзамда сурдо котормонун статусу аныкталды, ошондой эле мамлекетти кулагы укпаган жана начар уккан жарандарды билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында, сот процессинде ж.б. жерлерде сурдо котормо менен камсыз кылууга милдеттендирет. Азыркы учурда Өкмөт сурдо котормо кызматын берүү жана сурдо котормочунун акысын төлөө тартибин аныктоонун үстүнөн иштеп жатат. Андан сырткары, мамлекет жыл сайын сурдо котормочуларды, сурдо педагогдорду, дефектологдорду жана логопеддерди окутууга милдеттүү. Ошондой эле мыйзам факсималдык кол тамганын жардамы менен  өз алдынча кол коюуга укук берет. Мындан ары алар финансылык, банктык, нотариалдык жана башка жалпы укуктагы бардык документтерге кол кое алышат.

Мэри Бекешова, ПРООН долбоорунун адиси  

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*