Балыкчыда майып баласы бар 15 жалгыз бой энеге акчалай жардам берилди (фото)

Балыкчы шаарында 17-декабрда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар 15 жалгыз бой энеге 3400 сомдон жардам берилди. Бул тууралуу Кызыл Ай коомунун катчысы Б.Асанова билдирди.

Анын айтымында, бул акция 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата башталган.

«Ушул тапта Ысык-Көл облусу менен бирге Баткен, Талас облустарында дагы ушундай жардамдар көрсөтүлүүдө. Буга чейин Жалал-Абад облусунда 168 үй-бүлөгө жардам берилген, ал эми Ысык-Көл, Баткен, Талас облустарында бардыгы 384 майып баласы бар жалгыз бой энеге жардам берилмекчи», – дейт ал.

Жардам алган Балыкчы шаарынын тургуну Г.Абылаева 6 баласы бар экенин, 1 баласы ооруп жүргөнүн, өкмөттөн 4 миң сом жөлөк пул аларын айтып, Кызыл Ай коомунун жардамына ыраазычылык билдирди.

Turmush 

18.12.2018
https://www.turmush.kg/news:357075

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*