Кыргызстанда майып адамдардын саны 184 миңге жетти

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 184 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров депутаттардын сурооолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата 18 жашка чыга элек майып балдардын саны 299 миңге жеткен.

Талкуу учурунда депутат Аалы Карашев майып адамдарды колдоо үчүн мамлкекет тарабынан канча каражат бөлөрүнө кызыкты. Министр Улукбек Кочкоров: “Мамлекеттик жөлөк пул, үй – бүлөгө көмөк менен чогуу сумма 10 млрд болуп жатат. Бүгүнкү күндө ар бир майып балага төр миң сомдон төлөйбүз. 1-топтогу адамдар 4000 сом , 2-топтогулар 3,300 сом ,3-топтогулар 2700 сом алат”, – деп жоопберди.

Аталган комитет “БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Аны менен бирге, бир эле мезгилде Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Мунун негизги максаты – баардык майыптар адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашырууга алгачкы 10 жылга 6647,08 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1575,0 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5072,8 млн сом керектелет.

Депутат Жыргалбек Турускулов министрдин мындай демилгесин сынга алып, Өкмөттөн акча сурабай, көйгөйлүү маселелерди өз алдынча чечүү зарылдыгын белгиледи. “Кайра-кайра эле акча сурай бересиӊерби? Өкмөттө акча жок, андан көрө министрликте орун алган коррупциялык схемаларды жоюш керек. Акча мына ушул жерде. Ал каражатты туура пайдаланыш керек”, – дейт эл өкүлү.

ТИЛЕК НУРБЕКОВ

27-Ноя. 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*