Майып баласын караган ата-энелерге 4900 сом маяна чегерилди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.

Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Жеке ассистент катары мыйзамдуу өкүлдөр жана башка адамдар да болору каралган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. Аларды караган ата-энелерине акча төлөш үчүн алдын-ала эсептөөгө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 млн. сом талап кылынат.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

Маселе көптөгөн талаш-тартыштан кийин быйыл июлдан тартып иштейбаштаган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы редакциясында камтылган. Өкмөт ноябрдан тартып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге 5 миң сомдой айлык төлөнө турганын айтып жаткан.

23-ноябрь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29616410.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*