«Юридикалык жактарды онлайн каттоо» системасы тесттик режимде ишке киргизилди

2018-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан министрликтин расмий сайтында тесттик режимде ишке киргизилген «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалыматтык системасынын долбоорунун бетачары болуп өттү.   

Иш-чарага юридикалык жактарды мамлекеттик органдарда каттоо жана жоюу боюнча кызматтарды көрсөткөн компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Белгилеп кетсек, аталган система келечекте жеке жана юридикалык жактар тарабынан онлайн режимде каттоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берип, юстиция органдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды жеңилдетүүгө шарт түзөт.

Иш-чаранын учурунда КРнын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын начальниги Эмир Зулпуев юридикалык жактарды онлайн каттоону тесттик режимде ишке киргизүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында жана  «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» долбоору КРнын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

“Ишке кирип жаткан система юридикалык жактарды каттоого табыштамаларды берүү процессин автоматташтырып, жөнөтүлгөн табыштамалар жөнүндө маалыматты онлайн режимде берүүгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт”, – деп белгиледи Э.Зулпуев.

Бул система үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин тесттик режимде иштейт, бирок бул режимде катталган субъектилердин укук жөндөмдүүлүгү жаралбайт. Тесттик режим учурунда келип түшкөн пикирлер менен сунуштарды эске алынып, аныкталган кемчиликтер жоюулат. 2019-жылдын январь айынан баштап бул проект алгач пилоттук режимде Бишкек жана Чүй облустарында, андан соң республиканын бөлөк аймактарында ишке киргизилиши пландалууда.

Электрондук форматта юридикалык жактарды каттоону үйрөтүү максатында, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жана Чүй-Бишкек аймактык юстиция башкармалыгынын кызматкерлери үчүн окутуучу атайын тренингдер өткөрүлгөн.  

     Бул долбоор Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕКӨБ) менен КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш маалыматтык комитетине караштуу «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде  ЕКӨБ тарабынан каржыланууда.

2018.11.16

http://minjust.gov.kg/ky/news/view/id/2410/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*