Ташбаев: “мүмкүнчүлүгү чектелген” деген терминди башка сөзгө алмаштыруу керек

© Sputnik / Асель Акматалиева

“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун төрагасы Марат Ташбаев “мүмкүнчүлүгү чектелген” деген терминди башка сөзгө алмаштыруу керектигин айтты.

Анын айтымында, мындай учурда дени сак адамдар менен майыптар бир категорияга кирип калууда.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген” деген терминди убактылуу ооруган жарандарга карата колдонуу туура эмес. Ден соолугу чың адам деле колун же бутун сындырып алса, ушул категорияга кирип калууда. Коомчулук убактылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен майыптарды чаташтырбашы зарыл. Мүмкүнчүлүгү чектелген дебестен, майыптыгы бар жарандар же майып адамдар деп өзгөртүп койсо туура болмок”, — деди төрага.

Ташбаев көзү азиздер массаж жасоо жумушу менен гана иштей аларын кошумчалады.

14.11.2018

https://sptnkne.ws/ka3K

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*