Касымалиева: майып балалуу ата-энелерге акча төлөө механизми жолго коюла элек

Аида Касымалиева.

Кыргызстанда майып балдардын ата-энелерине акча төлөө механизми жолго коюла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, өкмөт ушул жылдын 1-ноябрынан тартып 6 миң майып баланын ата-энесине акча төлөнө баштай турганын билдирген. Бирок акча төлөп берүүдө бир канча маселе бар.

– Алты миң бала кантип тандалган? Аны ким чечкен? Бул дагы ачык жараян болушу керек, – дейт депутат. – Себеби, ал жерде да талаш-тартыш көп. Акча төлөп, коррупциялык жолдор менен майыптуулукту аныктоодо да мүчүлүштүк кетет. Негизинен майып балалууларга акча төлөнөт. Муну биз колдойбуз. Бирок механизми жакшыртылышы керек.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңдей бала каттоодо турат. Аларды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

Маселе көптөгөн талаш-тартыштан кийин быйыл июлдан тарта иштей баштаган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы редакциясында камтылган.

Өкмөт ноябрдан тартып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге 5 миң сомдой айлык төлөнө баштай турганын айтууда. Айлык үчүн бюджеттен жыл сайын 357 миллион сомдон ашык каражат керектелет.

09-ноябрь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29590939.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*