Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту жок кылууга чакырууда. Бул максатта Бишкекте 5-ноябрда 60тан ашуун адис чогулду. Эки күндүк иш-чара «Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталат. Аны чөлкөмдөгү бийлик өкүлдөрүнүн, эксперттердин катышуусунда Бирикке Улуттар Уюмунун төрт агенттиги уюштурду.
Катышуучулар бул боюнча аймактык кызматташтык зарыл экенин, мындай алака-катыш туруктуу өнүгүүнүн негиздеринин бири болорун белгилешти.
Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнөн таяк жеп же зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө кабыларын жарыялаган. Бирок укугу бузулган бардык эле кыз-келиндер тартип коргоо органдарына кайрыла беришпейт.
05-ноябрь, 2018
Leave a Reply