Баатырбеков: маданиятсыздыкты добуш сатып алган депутат көрсөтүшү мүмкүн

© Фото / Пресс-служба Жогорку Кенеша

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңештин фракция лидерлери менен болгон маегин сунуштоону уланта бермекчи. Үчүнчү чыгарылышыбыздын коногу “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков болду.

Баатырбеков 2016-жылдын 25-октябрында “Кыргызстан” партиясынын лидери болуп шайланган. Ага чейин бул кызматты Канат Исаев аркалап келген.

— Алмазбек Баатырбекович, “Кыргызстан” партиясы КСДПнын көчүрмөсү деген кеп калк арасында айтылып жүрөт. Фракция лидери катары буга сиз кандай жооп бересиз?

— Биз КСДПнын эч кандай клону эмеспиз. Мындай кептер шайлоо алдында каралоо максатында гана айтылган. Шайлоодо көбүрөөк добуш топтоо үчүн ар кандай кадамдарга барышат экен. Керек болсо электорат талаш болуп, ушундай каралоо сөздөрүн дагы жайылткандан кайра тартпагандар болду. Биз шайлоо алдында өзүнчө партия болуп түзүлүп, 120 талапкерибиз менен шайлоого аттанганбыз. КСДПга клон боло турган каалообуз да, шартыбыз да жок болчу. Биздин партия өзүнүн аброю, тажрыйбасы бар, билимдүү адамдардан түзүлгөн деп расмий айтып коеюн. Бүгүнкү күндө КСДПнын ич ара бөлүнүп жатканы да бизге таасирин тийгизген жок.

Депутат Жогорку Кенеша Алмазбек Баатырбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Алмаз Баатырбеков 2016-жылдын 25-октябрында “Кыргызстан” партиясынын лидери болуп шайланган. Ага чейин бул кызматты Канат Исаев аркалап келген.

— 2020-жылкы парламенттик шайлоого да өз алдынча барасыздарбы же башка партиялар менен тандем түзөсүздөрбү?

— Эми ага чейин дагы убакыт бар, бирок учурда биригели, тандем түзөлү деген сунуштар да жок эмес. Шайлоого албетте барабыз, активдүү катышабыз. Ал эми ким менен, кайсы партия менен биригип кетишибиз мүмкүн же өз алдыбызча аттанабызбы, азырынча белгисиз.

— Шайлоого катышып, парламенттен бир топ орунга ээ болдуңуздар эле. Ошол шайлоо учурунда айтылган убадалардын канчасын ишке ашыра алдыңыздар?

— Шайлоо учурунда ар бир партия өз программасынын алкагындагы иштерден сырткары талапкерлер өз аймагында түрдүү социалдык маселелерди чечип берүүгө убада беришет. Ошол эле мектеп, көпүрө, таза суу, бала бакча жана башка бир топ маселелер шайлоочулар тарабынан айтылат. Ал эми эл өкүлү бюджеттик болобу, бюджеттен сырт башка булактар аркылуубу, ошол көйгөйлөрдү чечип берүүгө аракеттенет. Мына ушул багыттан алганда биздин депутаттар алгылыктуу иштерди жасап жатат деп айта алам. Жеке мен өзүм Дыйкан айылындагы авариялык абалдагы мектепти бюджеттен тыш булактар аркылуу толугу менен жаңылап бердим. Ошондой эле Эргешов деген депутатыбыз Аксы районундагы бир мектептин курулушун колго алса, Чүйдө да бир билим уясын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө биздин фракция өкүлү жардамын көрсөттү. Ал эми мыйзамдар боюнча айта турган болсок, быйылтан баштап бериле баштаган “сүйүнчү пул” мыйзамын киргиздик. Максатыбыз — 50 миң сомго чейин жеткирүү болчу. Эми келечекте өкмөт бул багытта иш алпарат деп ишенебиз.— Мурдагы фракция лидери Канат Исаев менен жеке сиздин мамилеңиз жылуудай көрүнчү. Кийин Канат Исаевге иш козголгондо сиз кол үзгөндөй таасир калтырдыңыз. Себеби эмнеде?

— Чынында биздин мамилебиз абдан жакшы. Ишибизден сырткары үй-бүлөлүк да катышыбыз бар. Эми мамиле деген мамиле экен да. Канат Исаевге иш козголгондо арабыз бир аз сууй түштү, бирок кол үзгөн жокмун. Мунун баары саясий көз караштан улам келип чыкты. Себеби, Канат Исаев президентикке талапкерлигин коем дегенде, фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү каршы болгонбуз. Ошол учурда бир аз солгундоо болгон. Ал эми кийинчерээк бардык фракция мүчөлөрү сүйлөшүп, Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоо боюнча чечим кабыл алганбыз. Бирок Канат Кедейканович өзү жалгыз Бабановду колдоп туруп алды. Мына ушул кездерде көз караштардын келишпестиги келип чыкты. Антсе да, анын башына иш түшкөндө биз таштап салган жокпуз. Кабар алып, үй-бүлөсү менен байланышты үзбөй турдук. Кудай кут кылсын, бүгүнкү күндө мамилебиз мурдагыдай эле калыпка келип калды.

Депутат ЖК 6 созыва Алмазбек Баатырбеков от фракции Кыргызстан. Архивное фото
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Баатырбеков: биз КСДПнын эч кандай клону эмеспиз. Биздин партия өзүнүн аброю, тажрыйбасы бар, билимдүү адамдардан түзүлгөн деп расмий айтып коеюн.

— Канат Исаев кайра фракция лидерлигине келип калышы мүмкүнбү?

— Эгер менин жасап жаткан ишимде мүчүлүштүктөр кетип, фракция лидерлиги боюнча маселе пайда болсо, анда калган 17 депутаттын кимиси болсо да келип калышы мүмкүн. Ал эми Канат Кедейкановичке иш козголгонго чейин эле бул кызматты мага өткөрүп беришкендиктен, азыр ал кишинин келээр-келбеси тууралуу сөз жок.

— Сиздердин фракция мүчөсү Дамирбек Асылбек уулуна Казакстанда козголгон кылмыш иши боюнча эмне айта аласыз?

— Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кыргыз жараны катары тергөөдөн өтүп жаткан мезгили. Анын кош жарандуулугу тастыктала элек. Учурунда парламентте чоң талкуу болгон. Депутат Дастан Бекешов экөөбүз бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап, Кылмыш жаза кодексине эки өзгөртүүнү сунуштап жатабыз. Эгер мамлекеттик, муниципалдык, саясий кызматта иштеген жарандардын кош жарандуулугу тастыкталса 260 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып пул салынсын же болбосо 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралсын деген ченем бар. Бул мыйзам иштеп калса, менин оюмча кызматка келчүлөрдүн арасында кош жарандуулук маселесине бөгөт коюлат.— Өкмөттүн курамын өзгөртүү боюнча кандай пикирдесиз? Учурда бул маселе тиешелүү органдар тарабынан талкууга алынып, атайын жумушчу топтун түзүлгөнүн билебиз.

— Премьер-министр, фракция лидерлери менен болгон кеңешмелерден соң алган маалыматым боюнча коргоо министрлигинин киргизилиши сунушталууда. Энергетика тармагына да министрлик статусун берүү каралып жатат. Бул өлкө үчүн маанилүү тармактардын бири жана учурда көйгөйлөрү көп. Холдинг катары мүмкүнчүлүгү чектелип калып жатат. Ошондой эле туризм тармагын да комитет же агенттик кылып өзгөртүп, көбүрөөк каражат бөлүп, өнүгүүгө шарт түзүү маселелери айтылууда. Азыр өкмөт ушул багытта иштеп жатат. Мыйзам долбоору премьер-министрдин айтуусунда жыл аягында Жогорку Кеңешке келип түшөт.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с лидерами фракций коалиции большинства в Жогорку Кенеше Кыргызской Республики - фракции СДПК Иса Омуркуловым, фракции «Кыргызстан» Алмазбеком Баатырбековым и фракции «Бир Бол» Алтынбеком Сулаймановым. Во встрече приняли участие Торага Жогорку Кенеша Дастанбек Жумабеков и руководитель Аппарата Президента Мухаммедкалый Абылгазиев. 19 апреля, 2018 год
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Баатырбеков: Канат Кедейканович өзү жалгыз Бабановду колдоп туруп алган. Мына ушул кездерде көз караштардын келишпестиги келип чыккан.

— Учурдагы парламенттин ишин кандай баалайсыз?

— Мен V чакырылышта депутат болуп турганымда бир киши “ушул парламент өлөрман парламент, алыңар жетсе, жетпесе да кыйкырып чыга бересиңер деп айтты эле. VI чакырылышта мына ушул мезгилден өттүк деп ойлойм. Депутаттардын жеке тажрыйбасы салыштырмалуу жогорулады. Албетте, баары эле четинен өлкөгө таанылган, абройлуу адамдар болуп келбейт. Айрымдарын жумурай журт тааныса, кээ бирөөлөрү өз айылында, өз районунда бедели бийик инсандар. Алар өз адистигин мыкты билгени менен жалпылай келгенде кыйналып калышат. Ал эми парламентте бардык нерсе жалпы каралат. Ушул жагынан алганда, бир депутатка бир жардамчы деп жылаңач баатыр болгонубуздун азабын башында жакшы эле тарттык. Бирок ар бир эл өкүлү мурдагыдай келген эл менен эле жолугушуу өткөрүп, ошого көп убактысын арнап отура бербей, кагаз иштерин да өзү даярдап, жакшы эле такшалып калышты. Аны ушундан билсеңиз болот, керек болсо бир фракциянын ичинде да ар түрдүү көз караштар келип чыгып, башка-башка пикирлер айтылууда.— Эл өкүлдөрүнүн маданияты тууралуу эмне айта аласыз? Бул багытта сын-пикир айтылса эле “мени эл шайлаган, коомдун күзгүсүмүн” деп кутулушат.

— Туура айтасыз, чынында “мени эл шайлаган, алар кандай болсо мен ошондой” дегендин өзү маданиятсыздык. Мындай кепти добушту сатып алган эле эл өкүлдөрү айта алат болуш керек, тилекке каршы, арабызда андайлар жок эмес. Быйылкы жылы Тышкы иштер министрлигине биздин комитет (Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети — ред.) тарабынан тапшырма берилип, депуттаттар башка мамлекеттерге чыкканда өзүн кандай алып жүрүүсү керек, эмнени айтса болот, кандай нерсени айтууга болбойт деген маалыматтар камтылган китеп чыгарылып, ар бир депутатка жеке пайдаланууга берилген. Мындан сырткары, ар бир адамда өзүнүн жоопкерчилиги болуш керек. Окуучулар, бир сабакты түрдүү кабыл алгандай эле депутаттар да жоопкерчилик, маданият дегенди ар кимиси ар башкача түшүнүп, кабылдашат. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү биздин кылган ишибизди тескеп, элге ачыктап турганыңыздар да таасирин тийгизет деп айта алам.

Депутат ЖК 6 созыва Алмазбек Баатырбеков от фракции Кыргызстан. Архивное фото
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Баатырбеков: энергетика тармагына да министрлик статусун берүү каралып жатат

 

— Алмазбек Баатырбекович, качан өнүгөбүз?

— Бөөдө кырсыктар болуп кетпесе экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин катарына киришибизге да көп эмес убакыт калды окшойт. Менин оюмча биз азыр өнүгүү жолуна түштүк.

Айтурган Сатиева

17.10.2018

https://sputnik.kg/politics/20181017/1041583673/baatyrbekov-ilider-fraksii-ntervyu.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*