Натыйжалуу кызматташтык акысыз укуктук жардамдын сапатын жакшыртат

 

6-ноябрь, Бишкек – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору  бейөкмөт уюмдар жана ЖОЖдордун юридикалык клиникалары менен жолугушуу өткөрдү. Анда  бейөкмөт уюмдардын 40 тан ашык өкүлү калктын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында мамлекеттик органдар,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана жарандык коом институттарынын ортосунда өз ара аракеттин  натыйжалуу механизмдери маселелерин талкуулашты.

«Биздин мамлекетте акысыз укуктук жардам көргөзүү тармагында иштеп жаткан бардык  субъекттердин аракеттерин бириктиргибиз келет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖ  КБ) акысыз юридикалык жардам берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында жарандык сектордун өкүлдөрү менен активдүү кызматташууга ниеттенип жатат», – деп билдирди жолугушуунун жүрүшүндө МКЮЖ  КБ нын директору Акжол Калбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар МКЮЖ  КБ нын бейөкмөт уюмдардын  жана ЖОЖдордун юридикалык клиникалары менен өз ара аракеттенүү туурасында макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын талкуулашат, ага  2018-жылдын 12-июнунда  кол коюлган. Көргөзүлүп жаткан акысыз юридикалык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында Координациялык жолугушуунун катышуучулары акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгү туурасында калктын маалымдуулугун жогорулатууга;  МКЮЖ  КБ  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бей өкмөт уюмдардын жер-жерлерде натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуу жана жолугушууларды өткөрүүгө; бейөкмөт уюмдары  үчүн акысыз юридикалык жардам көргөзүү маселелери боюнча окутуучу иш чараларды өткөрүү, акысыз юридикалык жардам көргөзүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү; жана башка көптөгөн маселелер боюнча  багытталган иш чараларды сунушташты.

«Биздин мамлекеттеги акысыз юридикалык жардам көргөзүү системасы бири-бири менен тыгыз байланышкан үч бурчтук принциби боюнча иштейт: МКЮЖ  КБ, жарандык коом жана КР Адвокатурасы. Биз бул үч субъект бири-бири менен натыйжалуу өз ара аракеттенип  баштаганда гана акысыз укуктук жардам көргөзүүнүн сапаттуу системасын түзө алабыз», – деп ой бөлүшөт жарандык коомдун өкүлү Марипа  Сейдалиева.

Жолугушуунун жүрүшүндө МКЮЖ  КБнын бейөкмөт уюмдардын  жана ЖОЖдордун юридикалык клиникалары менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин Катчылыгы шайланып, иш чаралардын планы талкууланды.

Жолугушуу, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн жана Финляндиянын ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосу алдында өткөрүлүүдө.

БУУӨПтүн жана Финляндиянын ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*