Жыл башынан бери 39 бала сексуалдык зомбулукка кабылды

Ушул жылдын он айында өлкө аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган 4,3 миң бала аныкталды. Алардын ичинен 100 бала катаал мамилеге, 40 бала физикалык зомбулукка кабылган. Дагы 39 жашы жете элек сексуалдык ыдык көрсө, 15 бала психикалык зомбулук курмандыгы болгон. Бул тууралуу Социалдык өнкүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Социалдык кызмат дээрлик 2,9 миң баланын ар бири үчүн атайын коргоо пландарын иштеп чыккан.

Мындан сырткары турмуштук оор кырдаалдагы 1,5 миңден ашык  үй-бүлө аныкталды. Аларга да жекече көмөктөшүү иштери жүргүзүлүүдө.

ЮНИСЕФтин эсебинде Кыргызстанда балдардын 57%ы зордук-зомбулукка кабылат.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*