Ош жана Жалал-Абад облусунда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 142 адамга араба берилет

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кайтарымсыз негизде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 142 даана майыптар арабасын жардамга алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, мындай гуманитардык жардамды “Катар кайрымдуулук уюму” көрсөттү. Министр өз кезинде “Катар Черити” уюмуна кезектеги жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бул 142 араба Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырылат. Ушул жылдын июнь айында да министрлик 100 араба Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ага муктаж болгон адамдарга таратып берген”, – дейт министр.

Ал эми Катар мамлекетинин өлкөдөгү өкүлү бул уюм Кыргыз өлкөсү менен мындан ары да кызматташа турганын айтып, алдыда алардын ФАП, мектеп, оорукана жана башка социалдык объектилерди куруу пландары бар экенин белгилеген.

Автор: Кызжибек Раимова
 31-10-2018
https://www.super.kg/kabar/news/251229/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*