Майып эне: “Кызым бут кийими жок мектепке бара албай жатат”

Ар бир адамдын маңдайына ар башка тагдыр жазылат эмеспи. Ага моюн сунбоого эч кимдин кудурети жетпей турганы талашсыз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 30 жаштагы Диларамкан Баатыркулова – 4 баланын апасы. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде 1 бөлмөлүү батирди ижарага алып, жашап келет.

“Учурда 4 баламды карап үйдө отурам. Иштегенге ден соолугум жол бербейт. Майыптыгым үчүн 3 миң сом жөлөк пул алып, анын 2 миң сомун батирге төлөйбүз. Жолдошум 10 жылдан бери базарда араба түртүп иштечү. Бирок карыздарыбыз көбөйүп кеткендиктен аны төлөө үчүн Орусияга кетүүгө аргасыз болду. Менин да, жолдошумдун да жакын туугандары бар. Бирок эч ким жардам бергиси келбейт. Жакында эле кар жааганда 2-класста окуган кызым калың бут кийими жок сабакка бара албай калды”, – деп көз жашын төктү ал.

Төмөндө Диларамкан Баатыркулованын тагдырын чагылдырган видеорепортажды көрө аласыздар. Ал эми жардам берүүнү каалагандар 0776 44-43-47 телефон номери аркылуу байланышса болот.

Автор: Наргиза Талантбекова
26-10-2018
https://www.super.kg/kabar/news/250541/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*