Депутат Соцөнүктүрүү министрлигинин башчысынын орун басарлыгына ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамды сунуштады

Жогорку Кеңеште эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчысынын орун басары кызматына ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамды дайындоо сунушталды. Мындай сунушту депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловдун жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги каралып жаткан учурда билдирди.

Депутаттын айтуусунда, бул кызматка Мирбек Асангалиевдин талапкерлиги туура келмек.

“Бул киши ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын конвенциясын жакшы билет. Эгер ал ушул кызматка келсе, ошол багыттагы документтерди да ратификациялоого мүмкүнчүлүк болмок”, – деди ал.

Аталган министрликтин башчысынын кызматына талапкер Улугбек Кочкоров депутаттын сунушу каралып чыга тургандыгын билдирди.

Бишкек /Кабар/

25.10.18.

https://kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*