Майып балалуу эне өкмөт убада берген батирди ала элек

Сапар Исаковдун Айжаңыл Семетеева жашаган үйгө барган учуру. 2017-жыл.

Жалал-Абад шаарында майып кызын карап жашаган Айжаңыл Семетеевага мурдагы премьер-министр Сапар Исаков убада берген батир азыркыга чейин бериле элек.

Семетеева “Азаттыкка” 2017-жылдын 26-декабрында Исаков Жалал-Абад облусуна барган учурда майып кызынын абалынан кабар алып, батир бериле турганын убада бергенин билдирди:

– 2018-жылдын жаз айларында шаардын вице-мэри мени өз автоунаасына салып, шаардагы бир батирди көрсөтүү менен документ иштери бүтүп жатканын, жакында үйлүү болорумду айткан. Исаков өкмөт башчылыктан түшүп, камакка алынган соң ал маселе ачык бойдон калды.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Сапар Исаковдун маалында Айжаңыл Семетеевага 1 млн. сомго бааланган 1 бөлмөлүү батир сатып алып берүүнү тапшырганын ырастады.

– Биз анын тапшырмасы менен ошол суммага батир тапканбыз. Кийин жагдай өзгөрүп кетип, бул маселе чечилбей калды, – деди Сатыбалдиев.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул айтылгандар тууралуу комментарий бере элек.

Айжаңыл Семетеева үч кызы менен ижарага батир алып жашайт. Кыздарынын биринин мүмкүнчүлүгү чектелген.

23-октябрь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29558778.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*