Балдарды биримдикке чакырган “Айдагы кыз” анимациялык фильми (видео)

2-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо кинотеатрында “Айдагы кыз” аттуу анимациялык фильмдин бет ачаары болду. “Айдана” аттуу кыздын ар кандай тоскоолдуктарга карабай бийик максаттарына жеткендиги баяндалган фильмде ден – соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, физикалык, экономикалык, коомдук-маданий чөйрөнү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маалымат жана байланыш түзүү зарылдыгы жөнүндө маселелер камтылган.

Ошондой эле майып адамдардын көйгөйлөрү менен бирге мигрант ата-энелердин балдарынын тагдыры кошо козголгон.

Тасманын негизги идеясы калктын укуктук маданиятын жогорулатуу болуп саналат.

БУУНун Кыргызстандагы расмий туруктуу өкүлү Озониа Ожилео бул фильм чыныгы жашоодо болуп жаткан окуяларды чагылдырганын айтып, тарбиялык жактан мааниси зор деп эсептейт.

Мага бул фильм жакты, себеби, чоң таасир калтырды. Бул фильмде кыздын окуясы чагылдырылат. Кызды кадимки эле Кыргызстандын абалындагы айылдан келген жөнөкөй кыздарга салыштырса болот. Бирок, мүмкүнчүлүгү чектелген болгондуктан кандайдыр бир тоскооолдуктарга кабылат. Бул чындыкты чагылдырган анимациялык фильм деп баалай алдым. Мага жаккан жери жакшы аяктайт экен. Айдана мектептин ата-эненин колдоосуна муктаж экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан мен өкмөттү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жөнүндө конвенцияны тез арада кабыл алат деген ишеничтемин. Мен ойлойм, бул конвенция ишке ашса биз алардын дараметин ачканга мүмкүнчүлүк пайда болот. БУУнун ситемасы өкмөт менен иштешкенге дайым даяр. Буга улай, ушул фильмди жараткан адамдарга терең ыраазычылык билдирип кетким келет.

ТИЛЕК НУРБЕКОВ

13-Окт. 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*