Жаңы мультфильмдин бетачары

Фильмдин бет ачарында. Сүрөттөрдү тарткан Айжан Айтышева.

“Ала тоо” кинотеатрында “Лунная девочка” (“Ай кыз”) аттуу анимациялык фильмдин бет ачары бүгүн, 12-октябрда болду.

Бул анимациялык фильм мүмкүнчүлүгү  чектелген балдардын жашоосуна, жашоонун бардык чөйрөлөрүндө алардын укуктарын коргоого арналган.  Ошону менен катар эле мигранттардын балдарынын  тагдыры тууралуу да сөз болот. Анимациялык фильмдин максаты—укуктук сабаттуулукту жоюу, адамдарды боорукер, ак ниет болуп, мыйзамдарды сактоого арналган.

Фильм “5 пальцев” (“Беш манжа”) анимациялык студиясы тарабынан тартылып, ПРООН долбоорунун негизинде ишке ашырылды.

Сценарийин жазган Кыялбек Урмамбетов.

12.10.2018

Жаңы мультфильмдин бетачары

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*