Бурулай: Сотко нааразылык күч (видео)

Ала качууга туш болуп, үйлөнөм деген жигиттин колунан ажал тапканы айтылган Бурулайдын жактоочулары ишти карап жаткан сотко ишеним көрсөтүшкөн жок.

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев кызынын өлүмүн териштирген сот отурумдары катуу иренжиткенин жашырбайт. Кызынан ажыраган атанын айтымында, сотто судья милиция кызматкерлерин ачык эле жактап, алар тарапта болгону байкалган:

– Менин адвокаттарымды сүйлөтүшкөн жок. Сот отурумда алар милиция кызматкерлери тарапта болгону ачык эле билинип калбадыбы. Сот, милиция кызматкерлери Кара-Балтада жашайт, ошол жакта иштешет. Буга чейин далай жолу көрүшкөн. Ошон үчүн бири-бирин жашырышы мүмкүн. Милиция кызматкерлери сотто өз күнөөсүн жарым-жартылай эле мойнуна алышты. Бирок аларга “Шалаакылык” беренеси боюнча эмес, кылмышка катышканы боюнча иш козгош керек.

Маркум Бурулайдын атасынын адвокаты Есения Рамазанова ишти Чүйдүн Жайыл райондук соту караса, кызыкчылыктардын айынан улам сот адилет чечим чыгарбашы мүмкүн деп күмөн санайт:

– Жайыл райондук соту ишти Чүй облустук сотуна биздин бир нече жолку суранычыбыздан кийин гана өткөрүп берди. Эми ал соттун чечими менен гана сот отуруму качан жана кайсы жерде өтөрү белгилүү болот. Милиция кызматкерлери буга чейин ишти карап жаткан сот менен тааныш, бир райондо жашашат. Иш боюнча кезигип жүрүшкөн. Ошондуктан акыйкат чечимди талап кылып, ушундай өтүнүч менен кайрылдык.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти 24-сентябрда Жайыл райондук соту карады. 5-сентябрда кылмышка шектүү Марс Бөдөшевдин ишин караган процессте эки тараптын тең жактоочулары Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирген. Кийинки сот отурумдары качан болоору белгисиз.

Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазиев Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу ишти кайсы сот карары чечим чыккандан кийин он күн аралыгында белгилүү болорун билдирди:

– Жайыл райондук соту адегенде жактоочулардын ишенбөөчүлүк көрсөткөн суранычын канааттандырган эмес. Эки жолу сот отуруму үзгүлтүксүз жүргөн. Соттолуп жаткан милиция кызматкерлердин айрым жактоочулары суранычты колдосо, айрымдары каршы чыккан. Бирок үчүнчү жолку суранычтан кийин сот канааттандырды. Он күн ичинде иш кайсы сотто каралары белгилүү болот.

Бишкектеги медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кызды ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө Бурулайы бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери тартип жазасына тартылып, 13 кызматкер иштен бошотулган.

Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү (“Өз ишине шалаакы мамиле”) менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми кылмышка шектүү деп кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен козголгон ишти Жайыл райондук милициясы иликтеген.

Ала качуунун курмандыгына айланган Бурулайдын трагедиялуу өлүмү боюнча сот ишинин бир ай ичинде эле бир нече жолу жылышы коомчулукта нааразылык жаратты. Жарандык активисттер Бурулайдын коомчулукту нес кылган окуясы боюнча сот акыйкат чечим чыгарып, ал башкаларга сабак болушу керектигин белгишет.

“Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фондунун эксперти Гүлбарчын Жумабаева “сот адилет чечим чыгарып, мыйзам үстөмдүгүн көрсөтүшү керек” деген пикирде:

– Коомчулук бул окуядан акыйкат чечимди күтүп жатат. Гендердик маселелер менен иштеген укук коргочулар да чечимди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ошол эле учурда бизде чечим чыкпай, күнөөлүүлөр жазасыз калып калабы деген коркунуч бар. Ушунча резонанс жаралаган окуя башкаларга сабак болушу керек. Эгер ал боюнча акыйкат чечим чыкпаса, жазасыз калуу көрүнүшү жайылышы мүмкүн.

Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга” жол берип жатканы үчүн кыргыз бийлигин сындады. Эл аралык уюм жарыялаган докладда ала качуудан жабыркагандар укуктук билиминин жетишсиздигинен жана расмий органдардын көңүл коштугунан улам акыйкаттыкка жете албай жатканы айтылат.

Ички иштер министрлигине акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон. Ал эми 2017-жылы 28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучуга карата иш кыскартылган.

Айгерим Акылбекова
28-сентябрь, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*