Майыптарга болгон мамиле изилденди

Майып адамдарга карата терс стереотиптерди аныктоого багытталган изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы тууралуу бүгүн Бишкекте өтө турган жыйында айтып беришет.

Изилдөөнү кыргыз өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы чогуу өткөрүштү. Анда майыптар жана айыл жергесинде жашаган аялдар тууралуу калыптанып калган терс көз караш катардагы жарандар гана эмес, өлкөнүн саясатын иштеп чыгуучу мамлекеттик кызматкерлер арасында да бар экени айтылат.

БУУнун Өнүктүрүү программасы ишке ашырып жаткан долбоордун өкүлү Мэри Бекешованын айтымында, бүгүн изилдөө тууралуу кеңири маалымат берилет:

– Бул изилдөөнүн жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттары да өз стратегиясын аныктоодо, макала жазууда жана тренингдердин уюштуруучулары окутуу маалында колдонсо болот.

Бүгүнкү жыйында Майыптардын укуктары тууралуу конвенцияны ратификациялоого даярдыктар тууралуу да сөз болот.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Биринчи топтогу майыптардын жалпы саны 5,5 миңден ашат, алардын 4700дөн көбү тубаса, 800дөйү түрдүү кырсыктан улам тагдырдын оор сыноосун баштан кечирип жатышат.

25-сентябрь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29508070.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*