Кыргызстанда дүлөйлөр үчүн видеоматериалдар даярдалды

Дүлөй адамдар үчүн видеоматериалдардан алынган сүрөт.

Кыргызстанда дүлөй жана кулагы начар укккан адамдар үчүн “Укук алиппеси” (“Азбука права”) деп аталган билим берүүчү видеоматериалдар даярдалды. Бул тууралуу “Плюс” коомдук фондунан кабарлашты.

Анда айтылгандай, видеосабактарда Кыргызстандын Баш мыйзамы, мамлекеттик түзүлүш, сот системасы, майыптарга байланыштуу эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдар жөнүндө баяндалган. Жөлөкпул, пенсия, нике, алимент жана ишкерчиликке байланыштуу да маалыматтар камтылган.

Видеолордон сырткары мыйзам жана кодекстер Брайл шрифти менен басылып чыкты. Материалдар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды укуктук жактан агартуу максатын көздөйт.

“Плюс” коомдук фонду окуулуктарды “Бирдей мүмкүнчүлүктөр” (“Равные возможности”) социалдык борбору менен чогуу иштеп чыккан. Долбоорду Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) каржылаган.

2018-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саны 181 миңге 400гө жеткени кабарланган. Алардын беш миңден ашыгында кулагына байланыштуу майыптыгы бар. Өлкөдөгү кулагы укпаган жарандар орус тилинде ымдоо-жаңсоо менен окушат.

24-сентябрь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29506298.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*