Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат

Кыргызстанда угуусу төмөн балдарга атайын онлайн түрдө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн тиркеме чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн 24-сентябрда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты, Дастан Бекешев билдирди.

“Республика боюнча кулагы укпаган беш миң жаран катталган. Алар атайын мектептерде билим алышат. Бирок жогорку окуу жайларында окуй алышпайт. Кыргызстанда биринчи жолу аларды окутуучу видеоматериалдар чыгарылды. Эми алар жаңсоо аркылуу Конституция, сот системасы, жөлөк пулдар, пенсия, никеге туруу, ишкерлик кылуу тууралуу сабак алышат. Ал эми көзү азиздер үчүн мыйзамдар жана кодекстер Брайль шрифти менен жазылып чыгат”,-деди Бекешев

БЕГАЙЫМ МУРАТБЕК КЫЗЫ

24-Сен. 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*