Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар өнөрлөрүн көрсөтүштү

Жармаңкеден бир көрүнүш

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда майып улан-кыздардын колунан жаралган буюмдардын жармаңкеси өттү. 17-сентябрдагы иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 200гө жакын адам катышты. Ушул эле күнү алар өз өнөрлөрүн тартуулап, концерт да беришти.

Жармаңкени уюштурган “Равенство” уюмунун маалыматына ылайык, #ЛОВЗпринт долбоорунун алкагында 18-сентябрда Бишкекте майыптардын укугун коргогон жүрүш өтөт. Иш-чара майыптардын көйгөйүнө бийликтин көңүлүн бурдуруу жана Кыргызстанды БУУнун Майыптар жөнүндө конвенциясын ратификациялоо чакыруу максатын көздөйт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Биринчи топтогу майыптардын жалпы саны 5,5 миңден ашат, алардын 4700дөн көбү тубаса, 800дөйү түрдүү кырсыктан улам тагдырдын оор сыноосун баштан кечирип жатышат.

Кыргызстанда майыптардын эмгек жана башка социалдык укуктары сакталбай жатканын өкмөт да моюнга алып келет.

17-сентябрь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29494193.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*