Юристтер Акысыз юридикалык жардам борборлорунда консультацияларды берүү көндүмдөрүн жакшыртууда

2018-жылдын 10-14-сентябрында Акысыз юридикалык жардам борборлорунда укуктук консультация берип жаткан 50дөн ашык адвокат, юристтер жана мамлекеттик нотариустар укуктук  жардам  алуучулар менен  иш алпарууда керек болгон кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча окуудан өтүп жатышат. Тренинг USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын жана Финляндиянын Өкмөтү менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамга ылайык Акысыз юридикалык жардам борборлору жарандар үчүн укуктук жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылышат, ошондой эле калктын аярлуу топторунун укуктук корголгондук деңгээлин жогорулатышат.

USAID Биргелешип башкаруу программасы жана БУУӨПтүн долбоору аркылуу акысыз юридикалык жардам борборлорун көбүрөөк ачып, ошондой эле борборлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруунун үстүндө иштөө менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин калктын укуктук жардамга жетүүсүн жакшыртууга  багытталган  аракеттерин колдойт.

Акысыз юридикалык жардам борборлорунун иши тууралуу кенен маалыматты жана алар менен байланыш маалыматтарын КР Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан, ошондой эле http://legalmap.gov.kg/ru/ дареги боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн интерактивдүү картасынан  жана www.minjust.gov.kg сайтынан алууга болот.

12.09.2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*