АКШдан келген Билал өспүрүмгө жардам берди (видео)

АКШда ата-энеси менен жашаган он бир жаштагы Билал акча чогултуп, Кыргызстандагы майып балага жардам берди. Бул Билал Ибрагимдин Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Баатырбекти ал “Фейсбуктан” көрүп, боору ооруган экен. Ошол күндөн тарта күнүмдүк акчасын үнөмдөп, тааныштардан сурап жатып миң доллардан ашык каражат топтогон. Жаш кезинде шал оорусуна чалдыгып, баспай калган Баатырбекке Билалдын жардамы чоң дем берди. Ал келечекте океан ары жагына барып, жаңы тапкан досу менен катташып турууну каалайт.

Айгерим Акылбекова
Бектурсун Стамкулов
21-август, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*