Үй мүлк мыйзам боюнча бөлүштүрүлөт (Адвокаттын блогу)

Бообеков Болотбек, Юстиция министрлигинин

алдындагы Кара-Кулжа райондук акысыз укуктук жардам борбору     

 

2017-жылдын 31-июль күнү, Кара-Кулжа районунда жайгашкан акысыз юридикалык кеңеш берүү борборуна, ошол эле районунун Капчыгай айылдык аймагына караштуу Кара-Таш айылынын жашоочусу 1979-жылы туулган Шарипова Сергул (аты өзгөртүлүп берилди) юридикалык кеңеш алуу максатында кайрылган.

Шарипова Сергулдун жолдошу Маметов Каныбек 2018-жылдын 15-апрелинде каза болгон. Анын наамындагы жерине, үй мүлкүнө, мурунку аялынын уулу 1995-жылкы Каныбек уулу Айбек ээ болуп, Шарипова Сергүлдү баарын таштап чыгып кетүүсүн талап кылып жатат. Сергулдун айтымында учурда ал маркум жолдошу К.Маметовдон калган турак жайдан чыгып кетсе, барып жашай турган турак жайы, туруктуу иштеген иши жок жана маркум жолдошу К.Маметовдон кош бойлуу.

Болгон окуя тууралу С.Шариповадан ар тараптуу, толук маалымат алган сон, каза болгон Маметов Каныбек менен Шарипова Сергул экөөнун ортосундагы турмушу, кайсыл жылдан тартып мыйзамдуу никеде катталганы, ортолорунда уул-кыздары бар же жок экендиги тууралуү маалыматтар чогултулуп, кенеш берүү борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын  мыйзам талаптарынын негизинде  укуктук жактан кеңеш берилди. Тактап айтканда:

Маркум Маметов Каныбектин биринчи турмушунан үч баласы бар экен, биринчи  аялы 2008-жылы каза болгон. 2011-жылы Маметов Каныбек Сергуль менен мыйзамдуу баш кошкон, никеде катталгандыгы тууралу күбөлүк алышкан. Ушуга чейин анын үч баласын Сергуль колунан келишинче моралдык жана материалдык жактан колдоп, тарбия берип келген. Ал эми уй жайга келе турган болсок, аталган үй мүлк чынында маркум Маметов Каныбек биринчи турмушундагы жубайы менен чогуу салгандыгы далилденди. Анткен менен Кыргыз Республикасынын Жараандык Кодексинде ылайык аталган үй мулк бир гана маркум Маметов Каныбекти балдарына эмес анын мыйзамдуу никеде турган, өлгөн күнүнө чейин жашап келген кош бойлуу жубайы Шарипова Сергулгө,  ошондой эле төрөлө элек ичиндеги баласы дагы ошол үйгө мыйзамдуу өздөрүнө  тиешелуу үлүштөрү бар экендиги тууралуу маалымат берилип,  жашап жаткан турак жайдан мажбурлоо менен чыгарууга эч кимдин эч кандай укугу жок. Учурда кош бойлуу Шарипова Сергулду үй жайынан чыгарууга аракет жасап жаткан Каныбек уулу Айбек менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Ал эми Шарипова Сергул сот органдарына кайрылса мыйзам талаптарына ылайык өздөрүнө тийиштуу болгон үлүштөр аныкталат

Азыркы күндө элдин укуктук билими начар болгондуктан үй мулк маселелер эл ичинде арбын кездешүүдө. Андыктан аймактарда акысыз юридикалык  кеңеш берүү борборлорунун иши элдин көйгөйлөрүн чечүүдө  чоң ишти аркалап келет.

17.08.2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*