Оштун мэри майып жана жетим балдарга жардам берүүгө чакырды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев мекеме-ишканалардын жетекчилерин жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүүгө чакырды. Мындай сунушун ал 8-августта жетекчилер менен өткөргөн коллегиялык жыйында айтты.

Таалайбек Сарыбашев аткаминерлерди жаңы окуу жылына карата аларды кийим-кече, окуу куралдары менен камсыз кылыш үчүн кайрымдуулук кылууну сунуш кылды.

Ош шаарында 2070 майып, 130 жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары катталган. Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматы боюнча алардын басымдуу бөлүгү мектепке барышпайт.

08-август, 2018

https://www.azattyk.org/a/29420152.html

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*