Калктын басымдуу бөлүгү “үй-бүлөлүк зомбулук бар” деп эсептешет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 10-17-июлда телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү.

Ага катышкан 738 адамдын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө “таш боор мамиле, зомбулук бар экенин” белгилешкен. Алар үй-бүлөдөгү зомбулукка жумушсуздук жана материалдык кыйынчылыктар, аракечтик жана баңгилик, калктын билими менен маданиятынын төмөндүгү себеп болуп жатканын көрсөтүшкөн.

Сурамжылоо үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн, анын себептерин, жайылган түрлөрүн жана ага көбүнчө кимдер кабылаарын изилдөө максатын көздөдү.

Суроолорго жооп бергендердин 62,6 пайызынын пикиринде, уруп-сабоо үй-бүлөлүк зомбулуктун көбүрөөк кездешкен түрү болуп саналат.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда акыркы алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапкан. Булардын өлүмүнө жакын адамдары – күйөөлөрү, баладары же туугандары себеп болгон.

06-август, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*