Баткенде чек ара аймагындагы эки миңдей адам укуктук жардам алды

Баткен облусунун жашоочулары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу учурунда. 18-июнь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

“Борбор Азияда жакырчылыкты азайтуу” долбоорунун алкагында Баткен облусундагы чек ара аймактарында жашаган эки миңден ашык адам юридикалык жардам алды. Бул тууралуу долбоордун ассистенти Айбек Муратов “Азаттыкка” билдирди.

Тургундарга үй-бүлөдөгү бардык маселелер боюнча укуктук маалымат берилип, муктаж болгон 140 адамга юридикалык көмөк көрсөтүлдү.

“Борбор Азияда жакырчылыкты азайтуу” долбоору 2015-жылы башталып, быйыл бүттү. Аны “Хелп Эйж Интернэшнл Кыргызстан” уюму “Баткен айылдык консультациялык кызматы” уюму менен кошо жүргүзгөн. Долбоорду “Big Lottery Fund и Age International” фонду каржылаган.

Долбоор Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусун камтыган. Эки облустан жалпы жонунан 20 айылга, ар бир айылда карысы бар 25тен үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлгөн. Мунун алкагында 500дөй кожолукка тоокканалар жана күнөсканалар берилген.

20-июнь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29305668.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*