Абылгазиев: Аялдарга жана балдарга карата зомбулук күчөп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулук күчөп жатканын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Гендердик саясат боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Премьер-министр акыркы ала качуу окуясын кескин сынга алып, мындай көрүнүштү тезинен токтотуу зарыл экенин белгиледи.

“Кыргызстан аялдар менен балдар зомбулукка туш болгон өлкөлөрдүн катарына кирди. БУУнун маалыматы боюнча, акыркы учурда мындай фактылар көбөйдү. 2013-жылы 19 ала качуу фактысы болсо, былтыр анын саны 31ге көбөйгөн”, – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ала качуу салт эмес, кылмыш болуп эсептелерин, акыркы окуялардан мамлекеттик органдар, коомчулук сабак алышы керек экенин кошумчалады.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду.

07-июнь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29278004.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*