Түп районунда Орозо айына байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген 15 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
«Биз 15 үй-бүлөнүн ар бирине ичинде май, чай кургатылган как, ун жана башка күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк салынган 15 кг салмактагы баштыктарды тараттык. Бул Орозо айынын ичиндеги чоң соопчулук болуп эсептелет.
Андан тышкары Тасма айылынын тургуну Айдай Сарыбаевага 10 миң сом акчалай жардам көрсөттүк, себеби анын 3 баласы тең ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Жардамды таратууга акимдин орун басары Э.Дюшебаева катышты», – деди «Кызыл ай» коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жыпаркүл Кадыралиева.
Turmush
05.06.2018
Leave a Reply