Кароосуз майып балдар үчүн майрам уюштурулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Балдарды коргоо күнүн утурлай Бишкектеги оюн-зоок борборлорунун биринде “Кубаныч тартуула!” аттуу майрамдык иш-чара болот. Аны “Хоуп Фоундейшн” коомдук бирикмеси уюштурууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аталган фонддун карамагында кароосуз калган элүү майып бала болгону менен, майрамдык иш-чарага он гана бала чакырылган. Муну уюштуруучулар каражаттын тартыштыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны отуз миңге чукул. Алардын ичинен оор абалда, 24 саат бою кароого муктаж балдар алты миңдин тегерегинде.

Балдарды коргоо күнүнө карата майып жана жетим балдар, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бүгүн Бишкек циркинде, парктарда, Улуттук филармонияда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Аларга концерттик программалар, түрдүү оюн-зооктор тартууланып, белек-бечкектер берилет.

31-май, 2018

https://www.azattyk.org/a/29260611.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*