“Почточу, паспорт жасап берчи?!” (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова, Алай райондук

акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

Талант бир караганда эле өтө жоош экендиги сезилип турду, айтайын деген оюн дагы араң түшүндүрүп жатты. Анын сөзүн карыган атасы да коштоп турду. Көрсө Амат карыя мындан эки-үч жыл мурун уулу Талантка кантип паспорт алабыз деп жүрсө, айылда иштеген Алтын  почточу анын үйүнө  пенсиясын алып келип калат. Карыя уулуна кантип паспорт  алаарын билбей жатканын айтат. Почточу, -“Туулгандыгы тууралу күбөлүгүн жана акча бериңиз мен суйлөшүп паспорт алып беремин” –  деп ишендирет. Анын айткандарын берип күтүп жата беришет. Ошол боюнча такыр дайын жок, сурашса паспорту эми келет деп эле качып жүрө берет. Кийинки убакта айылда сөз болуп  Таланттын паспорту менен  Алтын почточунун баласы Жумабек Россияда жүргөнүн, ал кара тизмеге киргенин угуп калышат. Почточуга барып жолугуп сурасша, кечирим сурап, Таланттын паспорту менен өз уулун Россияга жөнөткөнүн айтып, бул тууралуу эч кимге айтпасын өтүнөт. “Эми чыдап туруп тургула, тууганча чечишебиз деп айткан боюнча дагы бир жыл өтүп кетти, күтө берип кайда барып арызданышыбызды билбей эле жүрөбүз”-  деп арызданып келишти. Бул боюнча укук коргоо органдарына арыз жазып, териштирүү башталды.

Коомдо ар кандай адамдар болот, айрымдарынын укуктук  билими жок болсо айрымдары шылуун болот, айрымдары ишенчээк болсо,  аны колдонгон адамжар табылат. Кандай болгон күндө да, өздүк документке жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек экенин элге жайылтуу зарыл. Ал эми ушундай  сабатсыз адамдарды пайдаланып, алардын укугун тебелегендер менен коомчулук бирге курөшүүбүз керек.

30.05.2018

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*