Ак-Талаада майып балдар үчүн жайкы мектеп-лагери ачылды (видео, фото)

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу жана тарбиялоо максатында жайкы мектеп-лагери ачылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Европа биримдигинин жана Густав Штреземан институтунун каржылоосу менен кичи коомдук кеңеш түзүлүп, анын башчылыгына Нургүл Мамбетова дайындалган. Аталган кеңеш тарабынан Баетов айылындагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасынын бир бөлмөсүнө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жайкы мектеп-лагери ачылып, 11 тарбиялануучу кабыл алынды. Аларга аталган бала бакчанын 2 тарбиячысы эч кандай айлык маяна албастан билим берүүнү башташты.

Жайкы мектеп-лагеринин ачылыш аземи 26-май күнү белгиленип, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери катышып, куттуктоо сөздөрүн билдиришти. Аземдин жүрүшүндө Баетов айыл өкмөтү тарабынан мектеп-лагерге 5 миң сом берилсе, балдарды бекер тарбиялай турчу тарбиячыларга район акими 100 доллар тапшырды.

«Акыл-эси туруктуу, билим алууга жөндөмдүү балдарыбызды буга чейин Бишкекке барып атайын окутуп келчүбүз. Биздеги эң чоң көйгөй ушул. Логопед мугалимдердин жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу үчүн мектептин жоктугу бизди кыйнап келет. Бул балдар дагы кадимкидей окугусу келет. Бирок эч кандай шарт жок болсо, атайын мектеп жок болсо каякка алып барып окутабыз. Ушуга бийлик тарабынан көңүл бурулса жакшы болот эле», – деп билдиришти ата-энелер.

Turmush 

28.05.2018

http://www.turmush.kg/news:346351?from=turmush&place=byregion

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*