Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Н. Примбердиев атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй куруп беришти.
Бүтүрүүчүлөрдүн бири Шайырбек Чотмоновдун айтымында, учурда 2 бөлмөлүү үйдүн курулушу толук бүттү.
«Н.Примбердиев атындагы орто мектепти 1998-жылы бүтүргөн 30 бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген досубузга үй куруп берүүнү чечтик. Турак үйдүн курулушуна 200 миң сомго жакын каражат жумшадык. Анын курулуш иштерин өзүбүз бүтүргөнүбүз үчүн аз каражат сарпталды. Турак үй эки бөлмөдөн турат», – деди ал.
Turmush
24.05.2018
Leave a Reply