Фото — Чаткалда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй сатып беришти

Чаткал районунун Сумсар айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 1 кызды тарбиялап жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй сатып беришти.

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Рустам Тойчиевдин айтымында, классташы турак үйгө муктаж болчу.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген классташыбыздын тилеген оорундаттык. Ал буга чейин башка бирөөнүн үйүндө жашачу. 90 миң сомго 2 бөлмөлүү үй сатып алып, ичин 60 миң сомго заманбап стилде жасап бердик. Айыл эли дагы марафон уюштуруп, андан 15 миң сом чогулду. Элден түшкөн каражатка керектүү буюмдарды алып беребиз», – деди Рустам Тойчиев.

Мындан тышкары, ушул эле Сумсар айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүтүргөн классташтар айылдагы эскилиги жеткен 5 көпүрөнү оңдошту.

Алар 10 жылдык кече өткөрүүнүн ордуна тургундар муктаж болгон көпүрөнү оңдоп берүүнү чечишкен. Учурда алар 5 көпүрөнү жаңылап, оңдоодон өткөрүштү.

Ошондой эле, айылда спорттук мелдештерди уюштурушту.

Turmush 

24.05.2018

http://www.turmush.kg/news:346177?from=turmush&place=byregion

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*