Ак-Талаанын Баетов айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүчү убактылуу мектеп-лагери ачылды (видео)

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу жан тарбиялоо максатында жайкы мектеп лагери ачылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Европа биримдиги жана Густав Штреземан институтунун каржылоосу менен Кыргызстанда «Коомчулуктуу коомдук кеңештерге тартууну күчөтүү» долбоорунун алкагында Баетов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Кичи коомдук кеңеши» түзүлүп, анын төрайымдыгына Нургүл Мамбетова дайындалган.
Аталган кеңештин негизги максаты айыл аймактардагы көйгөйлөрдү таап коомчулукка алып чыгуу жана көйгөйдү чечүү болуп эсептелет. Ошонуну негизинде, Баетов айылындагы «Алтын мууну-Наристе» бала бакчасынын бир бөлмөсунө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү жана тарбиялоо боюнча жайкы мектеп-лагери ачылып, 11 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алып, аларга аталган бала бакчанын 2 тарбиячысы эч кандай айлык-маяна албастан билим берүүнү башташты.
Ачылыш аземи, бүгүн 26-май күнү белгиленип, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелери катышып, куттуктоо сөздөрүн билдиришти. Аземдин жүрүшүндө, Баетов айыл өкмөтү тарабынан мектеп-лагерге 5 миң сом берилсе, балдарды бекер тарбиялай турчу тарбиячыларга район акими Н.Молдокадыров өз каражатынан 100 АКШ долларын тапшырды.
«Акыл-эси туруктуу, билим алууга жөндөмдүү балдарыбызды буга чейин Бишкекке барып атайын окутуп келебиз. Биздеги эң чоң көйгөй ушул. Логопед мугалимдердин жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу үчүн мектептин жоктугу. Бул балдар дагы кадимкидей окугусу келет. Бирок, эч кандай шарт жок болсо, атайын мектеп жок болсо каякка алып барып окутабыз. Ушуга бийлик тарабынан көңүл бурулса жакшы болот эле» – дешет ата-энелер.

26 Мая 2018

http://bulbul.kg/video:55713

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*