Дворцевой: Айка күчтүү кыргыз аялдын образы (видео)

"Айка" тасмасында баш каарманды казак актрисасы Самал Еслямова ойноду.

 

Орусиялык режиссер Сергей Дворцевойдун “Айка” тасмасы Орусияда төрөп, баласын таштай качкан кыргыз келиндин тагдырын баяндайт. Айканын ролун жараткан актриса Самал Еслямова Канн фестивалында “аялдын мыкты ролу” үчүн сыйлыгына татыды. ​Социалдык драма жөнүндө Сергей Дворцевой “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: «Айка» тасмасы «кыргыздын мигрант кызы» жөнүндө экен. Режиссер катары тасма аркылуу кандай ойду, идеяны бергиңиз келген?

Сергей Дворцевой​: Тасмада карызын төлөө үчүн Москвага иштегени келип, бөтөн жерде төрөп, ымыркайынан баш тартууга аргасыз болгон кыргызстандык кыздын тагдыры чагылдырдым.

2011-жылдары Орусияда кыргызстандык мигрант кыз-келиндер таштап кеткен 248 бала жөнүндө окуган элем. Тасма жөнүндө идея ошондо келген. Мен өзүм Казакстандын Чымкент облусунда төрөлүп, өскөм. Аймактын маданиятын, менталитетин жакшы билем. Азиялык аялдар баласаак келип, чүрпөсүн оңой менен жерибейт. Ошол себептүү бул көрүнүштүн себебин аныктагым келди.

Чындыгында, жашоодо ар кандай болот, башка улутта деле баладан баш тарткан көрүнүштөр арбын. Бирок мен тасма аркылуу энелик сезимдин күчүн көрсөткүм келди. Эне болгон, энелик мээрими ойгонгон аялзаты бардык тоскоолдукту жеңе алат. Тасманын аягында Айканын баласын эмизип отурганын көрөсүңөр.

Актриса Самал Еслямова жана режиссер Сергей Дворцевой​
Актриса Самал Еслямова жана режиссер Сергей Дворцевой​

 

“Азаттык”: Айрым сынчылар «тасма Орусиядагы адамгерчилик бүлгүнгө учураганын чагылдырат» деген баа беришти. «Айка» Орусияда мигранттарга болгон мамилени көрсөтөбү?

Сергей Дворцевой​: Ооба, минтип айтса да болот. Тасмада чет жакта укуктары чектелген адамдардын күнүмдүк турмушу чагылдырылат. Бул бир гана кыргыздарга эмес, дүйнө жүзүндө миграцияда жүргөн бардык адамдарга тиешелүү. Гуманитардык катастрофа десек аша чапкандык. Бирок бул мигранттар күндө көрүп жаткан ачуу чындык.

 

“Азаттык”: Тасманы тарта баштаганда мигранттын окуясы көзгө илинбей калат деп чочулаган жоксузбу?

Сергей Дворцевой​: Мен коомдогу өзүмдү ойлондурган көрүнүштөрдү тартам. Аны ким көрөт же кандай кабыл алат деп ойлонбойм. Чын жүрөктөн тартылган тасманын көрүүчүсү табылат. Анткени бул искусство. Тасманы эми дүйнө жүзү көрөт. Мигранттардын кимге кереги бар, кимге кызык дегендер да бар чыгаар. Мисалы, бизде “келгиндер тажатты” дегендер кездешет. Бирок азыр дүйнө жүзү миграцияга кабылганын унутпаш керек.

Самал Еслямова
Самал Еслямова

“Азаттык”: Кинону тартууда мигранттар менен бирге иштеп, мигрант кыз-келиндердин окуялары менен тааныштым дедиңиз. Канчалык мигранттардын жашоосуна сүңгүп кире алдыңыз?

Сергей Дворцевой​: Бул тасманын үстүндө алты жыл иштедим. Толтура мигранттар менен жолугуп, сүйлөшүп, окуяларын угуп чыктым. Өзүмдүн досторум да көп. Баласынан баш тартууга мажбур болгон, ар кандай кырдаалды баштан кечирген мигрант кыз-келиндер менен баарлаштым.

“Азаттык”: Башкы каарман Айка ким? Миграциянын курмандыгыбы? Айканын ролу аркылуу кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин кандай образы жаралды деп ойлойсуз?

Сергей Дворцевой​: Айка – кыйын аял, күчтүү адам. Мен чындыгында, кыргыз аялдары күчтүү, эрктүү, иштерман деген чечимге келдим. Кыргызстанды кыргыз аялдары жөлөп-таяп турат деп ойлойм. Айка жеңил ойлуу жаш кыз эмес. Анын бакубат жашоого толук укугу бар. Бирок ал турмуштун оор сыноолоруна кабылды. Бул жерде башкы каарман кыргыз кызы болгонуна басым кылбаш керек. Анын ордуна өзбек, тажик, орус кызы да болушу толук ыктымал. Мен бир гана нерсени айта алам эне менен баланы ажыратууга көп учурда турмуш себепкер болот.

“Азаттык”: Актриса Самал Еслямованы Айканын ролуна кантип тандап калдыңыз?

Сергей Дворцевой​: Самал менен «Тюльпан» деген тасмада чогуу иштегенбиз. Мен анын актриса катары дараметин жакшы билем. Ошондуктан, ал Айканын ролун ачып беришинен эч күмөн санабадым.​

“Азаттык”: 2012-жылы кыргызстандык режиссер Нурбек Эген дагы мигрант кыздын тагдыры тууралуу «Ээнсиреген үй» киносунтарткан. Кыргызстандыктар бул тасмалардагы окшоштуктарды белгилешүүдө. Сиз Нурбек Эгендин тасмасын көрдүңүз беле?

Сергей Дворцевой​: Мен Нурбек Эгенди тааныйм, анын тасмасын да көргөм. Эки тасмада тең миграциядагы кыргыз кыздарынын тагдыры чагылдырылганы менен чыгармалардын маңызы ар башка. Буга фильмди өзүңүздөр көргөндө күбө болосуздар.

“Азаттык”: «Айка» тасмасын кинотеатрлардан көрөбүзбү?

Сергей Дворцевой​: Ооба, тасма күз айында массалык прокатка чыгат деп пландап жатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстанда «Айка» тасмасын кандай кабыл алат деп ойлойсуз?

Сергей Дворцевой​: Адамдар ар кандай болот да. Чыгармачыл, түшүнүгү кенен адамдар туура эле кабыл алат деп ишенем. Тасма канчалык оор, курч маселелерди көтөргөн болсо, көрүүчүлөрдө ошончолук ой, талкуу жаралат. Тасманы Кыргызстанда көрүшөт деп ишенем. Мен кыргыз эли эмгекчил, ак пейил деп билем.

Лазат Жаныбек кызы
22-май, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*