Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 50 жаштагы тургуну Сонунбүбү Урманбетова майып арабада отурганына карабай, 10 жаштагы майып уулун багып келет. Аймактык кабарчы бул үй-бүлө менен таанышты.
С.Урманбетованын айтымында, ал 7 жыл мурун белинен чурку (грыжа) болгондо операция жасатып, андан кийин баспай калган. Кичүү уулу Даулетханды ооруп жүргөндө көз жаргандыктан уулу дагы майып болуп төрөлгөн. Учурда өзү 1-топтогу, 10 жаштагы уулу Даулетхан 2-топтогу майып.
Ал эми жолдошу Талантбек Кубаталиев ооруган жубайы менен баласын каралашкандыктан жумушка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтат.
Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0702242972 номуру аркылуу байланышса болот.
Turmush
16.05.2018
http://www.turmush.kg/news:345643/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply