МАМЛЕКЕТ КЕПИЛДЕГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КАЙСЫ ОРГАН ТАРАБЫНАН БЕРИЛЕТ?

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам кайсы орган тарабынан берилерин билүүгө болобу?
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам Кыргыз Республикасынын 2016-жылы 16-декабрда кабыл алынган «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамынын негизинде берилет. Ушул мыйзамдын 11-беренесине ылайык, жардамдарды берүүчү же көрсөтүүчү төмөнкү субъектилер болуп саналат:

1. Консультациялык-укуктук жардам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдары, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар тарабынан берилет.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам (тергөө, сот учурунда) адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилген адвокаттар тарабынан берилет.

Көп жыл бою бул системди түзүү жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин негизги өнөктөшү «Сорос-Кыргызстан» Фонду болуп келген. Фонд 10 жылдан ашуун убакыттан бери калктын аялуу катмары үчүн акысыз юридикалык жардамдын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам мыйзамы биринчи жолу 2008-жылы Юстиция министрлиги тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун эксперттик колдоосу менен иштелип чыккан жана 2009-жылы кабыл алынган.

Мыйзамдын жаңы редакциясы 2016-жылы өлкөдө өтүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам ар бир кайрылган жаранга берилеби?
Жогоруда аталган мыйзамдын 40-беренесине ылайык, ар бир жаранга квалификациялык юридикалык жардам берилиши керек. Эгерде жарандын адвокатка төлөй турган каражаты жок болсо андай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт. Консультациялык-укуктуу жардамды алууга Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу.
Ал эми квалификациялык юридикалык жардамды алууга жарандык, административдик жана жазыктын сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүнүдө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет.

Мындан тышкары жылдык кирешесин эске албастан квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:
– адамдарга, кармалган учурда;
– өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга;
– 1- жана 2-топтогу майыптуулугу бар адамдарга;
– психикалык ооруудан жабыркаган адамдарга;
– Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;
– жашы жете электерге, алардын кызыкчылыктарында алардын ата-энелерине (камкорчуларына жана комкордук алгандарга);
– балдардын кызыкчылыктарында;
– жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;
– энеси жок жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялаган адамдарга-балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;
– мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
– мамлекеттик жатак-үйлөрүндө жашаган кары-картаңдарга;
– жазык-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам бергени үчүн жарандардан кандайдыр бир төлөм өндүрүлөбү?
Жок, өндүрүлбөйт, бул жарандар үчүн бекер берилүүчү жардам, ал эми адвокатка айлык акы мамлекеттин эсебинен төлөнүп берилет.

Жардам сурап жаткан жаран кандай документтерди берүүсү зарыл?
Консультациялык-укуктук жардам алууда жаран эч кандай документтерди берүүгө тийиш эмес, ал эми квалификациялуу юридикалык жардам алууда ишке байланышкан документтер талап кылынат.

Юридикалык жардамды көрсөтүп жаткан адис ишти аягына чейин алып баруусу милдеттүү түрдөбү?
Ар бир адис юридикалык жардамды толук кандуу көрсөтүшү керек. Мыйзамга ылайык, адвокат квалификациялуу юридикалык жардам берип жатып баш тартууга укугу жок, бирок мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүдө өзгөчө шарттардын негизинде адвокатты алмаштыруу чаралары каралган.
Адис өзүнүн профессионалдык деңгээлине жараша ишти толук кандуу бүтүрүүгө милдеттүү. Кокус жаран ал билбеген суроолор менен консультацияга кайрылган болсо, анда адис тиешелүү адистерге жибериши зарыл. Ал эми адвокаттар алган иштерин аягына чейин чыгарууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи, юстициянын 1-класстагы
кеңешчиси, «Укукту жана мыйзам чыгарууну өнүктүрүү борборунун»
директору – Сейдалиева Марипа Эрмековна

17-май, 2018-ж.
https://www.super.kg/article/show/44557/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*