Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган кызматкерлерге айлык төлөөгө каражат тартыш болууда

“Сүйүнчү” пулду төлөө үчүн бир жылда 700 млн сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде айтылды.

Эл өкүлү Акылбек Жапаров социалдык жардам катары берилип жаткан төлөмдөрдүн максаттуу бөлүштүрүлүшүн аныктоо керектигин айтат.

Сүйүнчү пул муктаж жана муктаж эмес үй-бүлөлөргө да төлөнүп жатат. Ал үчүн бир жылда 700 млн сом каралышы керек. Ошол эле учурда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган кызматкерлерге айлык төлөөгө 450–470 млн сом табылбай жатат”, — деди депутат.
Белгилей кетсек, өлкөдө жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул февраль айынан тарта берилип жатат. Анын көлөмү 4 миң сом.
14 мая

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*